Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Декабрда кара түтүн жутпаш үчүн кээ бирлер үйдө отурушу керек эле. Эксперттин пикири

Жазылуу
Ноябрь жана декабрь айынын бир топ күндөрү абанын өтө кирдегени байкалган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Былтыркы жылдын декабрь айында Бишкек шаарында абанын өтө кирдегени байкалган деп билдирди Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында эксперт-эколог Адил Аденов.

"MувГрин" коомдук бирикмесинин жетекчиси Мария Колесникова жакынкы мезгилдери абанын бузулушу боюнча 40 датчик орнотула тургандыгын билдирди. Ал эми эксперт Аденов орнотулган жабуулардын сентябрь-декабрь ичиндеги көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, абада кездешкен заттардын 250 микрограммдан өйдө болгон учурлары 14-17-ноябрда жана 3-8 декабрда катталган.

"Башка өлкөлөрдө мындай жагдайда дени соо жашоочуларга көчөгө чыкканда организмге күч келтирбөөгө, ал эми оорусу барларга үйдө тынч отурууга кеңеш беришет", — деди Аденов.

Фотопроект Бишкекчане в противогазах - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин өлүм жыттанган абасы. Келечектин 8 сүрөтү
Эксперт-эколог Бактыгүл Стакеева жыйында абанын кирдегени туурасында элге кенен маалымат берүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Кыштын келиши менен борбор калааны кара түтүн каптайт. Экологдун айтымында, анын себеби — автоунаадан чыккан зыяндуу заттар жана жер тамдарда от жагуу.

КРСУнун метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын профессионалдык станциясынын маалыматына таянсак, Бишкектеги аба адаттагыдан 4-7 эсеге кир. Ал эми бул көрсөткүч кээ бир күндөрү 7-17 эсеге жеткен учурлар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0