Уулун өлтүрүп кое жаздаган. Жаш келиндин төрт чүрпөсү балдар үйүнө өткөрүлдү

© AFP / GUILLERMO ARIASНезаконная миграция из Мексики в США
Незаконная миграция из Мексики в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин чок ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочуларынан "балдарын карабай, аларга зордук-зомбулук көрсөтөт" деп бир үй-бүлөгө арыздануу түштү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары окуянын чоо-жайын билип көрүүгө аракет кылышты.

Оорулуу делген келин

"Балдарын уруп-сабайт" деген үй-бүлөгө түз эле кирип барган жокпуз. Алгач коңшулары менен сүйлөштүк.

Тынчы жок делген бүлөнүн коңшусу Венера (аты өзгөртүлдү — ред.) бул үйдө эки күндүн биринде уруш-талаш болорун айтты. Үйдүн кожойкеси күйөөсү менен эле урушуп тим болбостон, айрым учурда балдарына кол көтөрөт экен. Былтыр аз жерден бир баласын өлтүрүп ала жаздаганын айтты.

"Төрт кичинекей баласы бар. Улуулары мектепте башталгыч класстарда окушат. Апасы аларды такыр эле карабайт, атасы болсо эртеден-кечке жумушта. Кээде балдар жылаңач подъездде жүргөнүн көрөбүз. Былтыр бир баласын аз жерден өлтүрүп кое жаздаган. Кыйкырык-өкүрүк чыкканынан үйүнө барсак, кичинекей баласы эс-учун жоготуп жерде жатыптыр. Дароо эле Тез жардам чакырып бетине суу чачып, араң эсине келтиргенбиз. Көрсө, апасы аны катуу чапкан окшойт, бала эсин жоготуп коюптур. Энеден баланы ажыратууну эч ким каалабайт, ошентсе да бул психикалык жактан оорулуу аял сыяктуу, балдарына сарсанаа болобуз", — деди Венера.

Венеранын сөзүн ары жакта жашаган Лариса (аты өзгөртүлдү — ред.) аттуу кошунасы да ырастады. Ал келин оорулуу болушу мүмкүн экендигин айтып, кээде подъезддердин айнектерине чейин талкалап салат дейт.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласын таштап, чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер үчүн жаңы мыйзам. Чоо-жайы
"Бул келин жаш эле, 22-23төрдө болсо керек. Өзүн оорулуу адамдай алып жүрөт. Кээде терезесинен бычак, тарелкаларды ыргытат. Былтыр ошондой окуя болгон, тарелка көчөдөн өтүп бараткан кары кишиге тийген. Короодо балдарыбыз ойнойт... Подъезддин терезелерин талкалап бүтүрдү. Биз бирдеме десек, уруп койчудай эле түрү бар. Балдары болсо каралбайт. Мектептен келгенде кээде эшигин эки саат такылдатып араң ачтырышат. Бул учурда апасы уктап жаткан болот. Мен бул үйдө жашаганыма 6 жыл болду. Башында тынч эле болчу, акыркы жылдары чектен ашып баратат. Үйүнө кирсең жыйналуу эмес, балдары дайыма ачка. Келиндин арак ичкенин деле көрө элекмин, бирок чылым чегерин билем", — деди Лариса.

Коңшулары өткөн жумада бул үй-бүлөнү милиция менен соцкызматкерлер келип текшерип, кайра эле кетип калганын айтышты.

Соцкызматкерлер эмне дейт?

Свердлов райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси Тамара Акжолтоева өткөн аптада аталган үй-бүлөнү соцкызматкерлер барып текшерип кеткенин тастыктады. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовСвердлов райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси Тамара Акжолтоева
Уулун өлтүрүп кое жаздаган. Жаш келиндин төрт чүрпөсү балдар үйүнө өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Свердлов райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси Тамара Акжолтоева

"Учурда кызматкерлерибиз шаар боюнча рейд жүргүзүп жатышат. Анын негизинде аталган үй-бүлө дагы текшерилген. Комиссия алардын жашоо-турмушун, коңшуларынын арыздарын карап чыгып, 30-январда үй-бүлө бизге алып келинди. Келинди бригада менен араң алып келдик. Анткени комиссияга өтө начар мамиле жасап, күйөөсүн тээп-чаап, ээ бербей койгон. Бизди оозго албаган сөздөр менен тилдеди. Сыягы психикалык жактан жабыркагандай... Текшерип көрсүн деп ооруканага жөнөттүк", — деди Акжолтоева.

Башкы адис комиссиянын чечими менен келиндин төрт баласы алынганын кошумчалады.

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто эки жаш баласын батирге жалгыз таштап кеткен эне 10 күндөн бери жок. Сүрөт
"Балдардын кичүүсү 1,5 жашта. Жолдошу иштеп, үй-бүлөсүн жакшынакай эле багарын айтты. Бирок убактылуу балдарды алууга туура келди. Үчөөнү тарбиялануучу мекемеге, кичинекейин ымыркайлар үйүнө өткөрүп бердик. Анткени жолдошу жумушка кетсе, аларды караган киши жок. Мунун баарын үй ээсине түшүндүрдүк. Балдар апасы дарыланып чыккыча биздин мекеменин коргоосунда болмокчу. Келиндин диагнозу азырынча белгисиз. Баса, бул үй-бүлөнүн батирин текшергенде жашоо шарты өтө деле начар эмес экен, ошондой эле балдардын денесинде эч кандай тактарды тапкан жокпуз", — деди Акжолтоева.

Ал балдар ата-энесинен убактылуу эле бөлүнгөнүн баса белгиледи.

Белгилей кетсек, жогоруда сөз болгон үй-бүлөнүн жана анын кошуналарынын аты-жөнү, жашаган дареги жана сүрөттөрү коопсуздук үчүн атайын жазылган жана берилген жок.

Зордук-зомбулукка кабылган балдарды байкасаңар, үн каткыла!

Баланын укугу бузулуп, ага кандайдыр бир зордук-зомбулук көрсөтүлүп, начар шартта жашап жатканын байкаган ар бир жаран 111 бирдиктүү номерине чалса болот. Телефон күнү-түнү иштейт жана акысыз.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүндө, мэрияларда жана акимиаттарда балдарды зомбулуктан коргоо боюнча штаб түзүлгөнүн билдирген.

Алардын телефондору:

Чүй облусу:

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мамбетисаева Гүлнур Эрнисовна — (0312) 60-95-47, байланыш телефону (0557) 75-57-14;

Кемин районунун акиминин орун басары Курманалиева Айгүл Зарылбековна — (03135) 5-02-36, (0703) 75-27-45;

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч жашар кызын ит сымал кордоп, муунткан. Балдар үйүн ачкан аялдын баяны
Чүй районунун акиминин орун басары Караев Бакыт Өмүрбекович — (03138) 3-80-09, (0556) 47-74-77;

Токмок шаарынын мэринин орун басары — Ступников Сергей Викторович — (03138) 6-29-50, (0552) 32-24-49;

Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Орозобекова Айша Жекшалиевна — (03132) 5-00-20, (0550)14-54-09;

Аламүдүн районунун акиминин орун басары Кулубаев Айбек Долотбекович — (0312) 33-89-18, (0554) 10-74-74;

Сокулук районунун акиминин орун басары Ракимбаева Токтобүбү Жээнбаевна — (0312) 60-75-24 (0555) 92-24-24;

Москва районунун социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кененсариева Аида Заманбековна — (03131) 5-17-51, (0550) 55-09-04;

Жайыл районунун акиминин орун басары Телекматов Максат Эркебекович — (03133) 3-72-56, (0551) 13-15-31;

Панфилов районунун башчысынын орун басары Сүйүналиев Сартпай Жапарович — (03137) 5-11-31, (0557) 37-73-39.

Талас облусу:

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркыналиева Азият Шаболотовна — (03422) 5-20-01, (0770) 46-27-36;

Центр здоровья Altagracia в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Талас шаарынын мэринин орун басары Куручбекова Асель Сыргабаевна — (03422) 5-38-85, (0772) 41-70-56;

Талас районунун акиминин орун басары Баялиева Зина Кадыркуловна — (03422) 5-39-86, (0772) 30-57-35;

Бакай-Ата районунун башчысынын орун басары Шамбетова Айжамал Эсенбековна — (03457) 3-22-02, (0772) 84-13-71;

Кара-Буура районунун акиминин орун басары Карбозова Салкын Орунбековна — (03456) 2-62-62, (0773) 64-44-17;

Манас районунун акиминин орун басары Садырова Гүлнара Алымбековна — (03459) 2-25-34, (0705) 35-51-01.

Ысык-Көл облусу:

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн орун басары Усенова Элмира Валентиновна — (03922) 5-34-22, (0559) 53-35-39;

Өкүлчүлүктүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Курманалиев Максат Ишенбекович — (03922) 5-10-38, (0557) 78-64-87;

Ак-Суу районунун акиминин орун басары Орозбаева Гүлнара Темпиевна — (03948) 9-17-33, (0778) 69-13-96;

 Лига коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочу: никесиз төрөгөн аялдар элден коркуп кылмышка барат
Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Исакова Рахат Урдөөлөтовна — (03946) 5-11-42, (0558) 07-70-42;

Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Муканбаева Салтанат Сатиндиевна — (03943) 4-32-03, (0778) 69-79-98;

Тоң районунун акиминин орун басары Шаршенбек кызы Гүлбүбү — (03947) 9-11-72, (0701) 36-06-03;

Түп районунун акиминин орун басары Дүйшебаева Эрмекан Асанакуновна — (03945) 2-43-82, (0557) 22-89-55;

Каракол шаарынын вице-мэри Орозова Гүлназ Жеңишовна — (03922) 5-02-23, (0778) 69-02-02;

Балыкчы шаарынын вице-мэри Алгожоева Бегайым Кадыровна — (03944) 3-00-07, (03944) 6-01-58, (0555) 37-25-52, (0777) 98-80-04.

Жалал-Абад облусу:

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Аширова Гүлзат Алимжановна — (03722) 2-58-71, (0550) 57-63-57, (0770) 94-40-00;

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Алтымышев Руслан Алтымышевич — (03722) 5-42-34, (03722) 5-29-76, (0558) 44-07-07;

Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри Батырбекова Зирекан Батырбековна — (03744) 5-29-13, (03744) 5-29-17, (0555) 00-08-94, (0770) 01-05-04;

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Темирбаева Айнакан Мойдуновна — (03745) 5-00-30, (03745) 5-00-03, (0777) 43-71-59;

Муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагы балдар үчүн кооптуу? Прокуратуранын маалыматы
Кара-Көл шаарынын вице-мэри Сатарова Гүлмира Окушевна — (03746) 5-18-03, (03746) 5-00-04, (0773) 38-33-70;

Аксы районунун акиминин орун басары Абдылдаева Дамира Сулаймановна — (03742) 5-02-04, (03742) 5-00-03, (0779) 81-80-94;

Ала-Бука районунун акиминин орун басары Үсөнбаева Калчабү Сатимбаевна — (03741) 5-07-96, (03741) 5-06-84, (0552) 13-15-72, (0771) 36-31-63;

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Адышева Замира Адышевна — (03736) 5-04-86, (03736) 5-00-03,(0778) 25-00-21;

Ноокен районунун акиминин орун басары Бекжигитова Нурийла Алимжанова —(03734) 5-02-15, (03734) 5-00-04, (0551) 44-44-84;

Сузак районунун акиминин орун басары Абибова Лола Сабыровна — (037480) 5-00-75, (037480) 5-00-03, (0551) 41-25-44, (0772) 41-25-44;

Токтогул районунун акиминин орун басары Нават кызы Айна — (03747) 5-00-32, (03747) 5-00-28, (0773) 74-74-63, (0554) 55-15-50;

Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Султангазиева Гүлжамал Абалиевна — (03738) 5-02-49, (03738) 5-00-03, (0778) 17-71-86;

Чаткал районунун акиминин орун басары Чынасова Асел Салибаевна — (03749) 6-03-01, (0778) 53-47-86.

Нарын облусу:

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Ибраева Жаркын Бейшенбаевна — (03522) 5-14-88, (03522) 5-00-20, (0555) 30-04-00;

Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Карагулова Кенжегүл Турганалиевна — (03537) 9-15-25, (0709) 20-77-57;

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Дүйшеналиева Ажаркүл Абдыкадыровна — (03534) 2-20-16, (0707) 45-44-57;

Жумгал районунун акиминин орун басары Исакова Гүлбарчын Бейменжановна — (03536) 2-30-03, (0557) 57-47-81;

Кочкор районунун акиминин орун басары Садыкова Элмира Аманатовна — (03535) 5-04-36, (0700) 02-17-17;

Нарын районунун акиминин орун басары Жумаева Роза Ражаевна — (03522) 5-03-34, (0551) 95-79-57;

Нарын шаарынын вице-мэри Эсенаманова Салтанат Кадыровна — (03522) 5-12-90, (0701) 12-72-78;

Баткен облусу:

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынар Осмоновна — (03622) 5-00-03, (03622) 5-00-01, (0770) 90-22-90, (0554) 11-18-55;

Баткен районунун акими Салихов Кеңеш Каримович — (03662) 5-00-14, (03622) 5-00-09, (0552) 04-00-08, (0770) 04-00-08;

Баткен районунун акиминин орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровна— (03662) 50014, (0773) 38-15-27, (0770) 03-03-07;

Ооруканадыгы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда киши колдуу болгон балдар. Үрөй учурган сандар
Кадамжай районунун акими Исаков Жаныбек Маматович — (03655) 5-06-31, (03655) 5-00-01, (0772) 92-33-98; (0552) 92-33-98;

Кадамжай районунун акиминин орун басары Асанова Мерихан Мыйзамовна — (03655) 5-06-31, (03655) 5-00-03, (0778) 61-12-76, (0550) 63-01-91;

Лейлек районунун акими Бекмуратов Баймурат Асатович — (03656) 5-00-06, (03656) 5-00-01, (0770) 20-41-03, (0778) 52-65-36;

Лейлек районунун акиминин орун басары Ташполотова Марапат Жалиловна — (03656) 50-00-06, (03656) 5-00-03, (0776) 14-47-50, (0771) 64-93-61;

Баткен шаарынын мэри Рахимов Мамыржан Тойчиевич — (03622) 5-20-01, (03622) 5-20-10, (0770) 19-79-97, (0551) 67-68-68;

Баткен шаарынын вице-мэри Рыскулова Имигүлсүн Токсоновна — (03622) 5-20-04, (0776) 95-82-60, (0772) 11-72-62;

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Тойчиев Эрмекбай Асанович — (03657) 5-00-06, (03657) 5-00-01, (0775) 02-11-73, (0555) 02-11-73;

Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Маткалыков Асылбек Жоробаевич — (03657) 5-00-06, (03657) 5-00-03, (0773) 68-97-64, (0553) 68-97-64;

Сүлүктү шаарынын мэри Сапаркулова Марзия Эркиновна— (03653) 5-00-08, (03653) 5-00-04, (0779) 38-90-17.

Ош шаары:

вице-мэр Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич— (03222) 2-36-63, (0551) 34-01-34;

мэрия бөлүмүнүн алдыңкы адистеринин бири Орозалиев Максатбек Насирдинович —(0555) 17-78-15;

Ош облусу:

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Юсупов Байыш Юсупович— (03222) 5-51-40; (03222) 5-59-44;

Өкүлчүлүктүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Балтабаев Абдивали Жакыпович — (03222) 5-59-44, (0555) 90-00-18;

Алай районунун акиминин орун басары Осмонов Бактыбек Арапбаевич — (03234) 5-11-95, (0778) 25-90-67;

Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Майып балдарды карагандар качан кантип айлык ала баштайт? Өкмөттөн жооп
Араван районунун акиминин орун басары Мамасаидов Музаффар Тошалиевич — (03231) 5-12-19, (0554) 19-61-00;

Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Тутуев Канболот Мусаевич — (03239) 5-05-81, (0770) 30-53-88;

Кара-Суу районунун акиминин орун басары Жороева Мэхринса Осоровна — (03232) 5-00-03, (0772) 32-23-35;

Ноокат районунун акиминин орун басары Козуев Ниязбек Эгемкулович — (03230) 5-02-31, (0550) 11-54-67;

Өзгөн районунун акиминин орун басары Мырзакулов Рахымбек Сайитович — (03233) 5-06-37, (0770) 28-80-98;

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Туйгунова Саадат Насирдиновна — (03237) 2-20-09, (0777) 15-45-69.

Жаңылыктар түрмөгү
0