Бишкекте алгачкы ирет Кожомкул балбандын музейи ачылат

© © ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КРКыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул
Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий жайдын ачылышы 5-февралда өтөт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте балбан Кожомкул Каба уулунун музейи ачылат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу билдирди.

Анын айтымында, музей борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында 5-февралда саат 11:00дө ачылат.

"Музейде чоң атамдын кийим-кечеси, үй-бүлөсүнө таандык идиш-аяктар жана фотоаппаратка тартылган архивдик сүрөттөрү коюлат", — деди Жапар уулу.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул - Sputnik Кыргызстан
Кылымда бир жаралчу алп балбан Каба уулу Кожомкул тууралуу 9 факты
Ал ошондой эле иш-чарага катышуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жибергенин кошумчалады.

Кожомкул Каба уулу — кыргыздын айтылуу алп балбаны. Анын туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт.

Тарыхта балбан күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алганы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын жонуна көтөрүп өткөнү айтылат.

Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук иштерде эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0