Окуучулар менен студенттер өрт өчүрүүгө жардам бермей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар на Аламединском рынке столицы тушит один пожарный расчет
Пожар на Аламединском рынке столицы тушит один пожарный расчет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнгө чейин 293 студенттен турган 49 дружина түзүлүп, даяр болду.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Борбор калаада өз ыктыяры менен окуучулар жана студенттерден турган өрт өчүрүүчү дружиналар түзүлдү. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда райондук бийликтин администрациялары өспүрүмдөр үчүн атайын машыгууларды өткөрүп жатканы айтылган.

"Бул күнгө чейин 293 студенттен турган 49 дружина, ал эми 207 өспүрүмдөн турган 17 топ түзүлүп, даяр болду", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия машыгуу иштери Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү, анын алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0