Албек Ибраимовдун жактоочусу судьяны иштен четтетүү маселесин көтөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов
Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттын айтымында, судья Кымбат Архарова мыйзамды одоно бузуп жатат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарованы ишти кароодон четтетүүнү талап кылды.

Жактоочунун айтымында, судья Архарова ишти кароонун тартибин бузуп жатат. Атап айтканда, 30 томдук ишти бир жумушчу күндүн ичинде карап чыкканын айтып, аны сот отурумунда кароону чечкен.

Слесарев ошондой эле сот залында айыпталуучулар менен ишке катышып жаткандарга шарт жок экенин да көтөрүп чыгарын билдирди.

"Менин жактоочум Ибраимовго кагаздар менен иштеп, иш менен таанышуусу үчүн шарт жок. Ошондой эле иштин башка катышуучулары да сот залына батпай отурат. Андай болбошу керек", — деди ал.

Албек Ибраимовду сот залынан аскерлердин коштоосунда алып кетишти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимовду сот залынан аскерлердин коштоосунда алып кетишти. Видео
Кеңешүү бөлмөсүнө кирип чыккан судья Архарова адвокат тарабынан келтирилген жүйөнү четке какты.

Учурда сот ишин кароо улантылып жатат.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча иш козголгон. УКМКнын маалыматы боюнча мэр болуп турган Ибраимов жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0