Кеп казына. Тилинде мөөрү, таңдайында сөөлү бар Садыр акенин нускасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Садыр аке Жолболду уулу болжол менен 1821-жылы төрөлүп 1905-жылы дүйнөдөн кайткан. Ачык булактарга таянсак, ал саяк уруусунан болгон. Бала чагы Ысык-Көлдүн Кичи-Ак-Суу, Чоң Ак-Суу деген жерлеринде өткөн. Сөөгү Ысык-Көлдүн Кожояр айылына коюлган. Азыр анын урпактары Көлдө турушат.

Улуттук кийим кийген кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн чечен Сарт акенин таамай кептери
Садыр аке Жолболду уулу 1870-жылы өткөн Россия-кытай чек ара сүйлөшүүлөрүнө катышкан. Аны менен жалгыз эле саяк эмес сарбагыш, солто, албан уруулары да эсептешип, Шабдан, Байтик, Чыныбай, Балбай сыяктуу баатырлар, эл башчылар анын акылына таянып иш кылган.

Эл ичинде "Садырдын тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар, оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" деген сөз айтылып келет.

Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Садыр аке жөнүндө: "Ашкере калыстыгы менен казак, кыргыздын кан казысы болду. Адам бүткөндөн мындай адамды көргөн эмесмин. Сүйлөгөндө эки колтугунан эки жолборс чыгып тургансып, укканды сестентип желпинип сүйлөчү эле", — деп айткан.

Садыр акенин нускалуу кептери:

"Дүйнөдө жети жетим бар: тыңшалбаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим дейт. Анысы кандай, башчысы өлгөн бугу бүгүн жетим болуп отурат, ошондуктан бүгүн биз татыктуу адамды хан шайлап алалы деп мында чогулуп отурабыз", — деп Балтабайды калыстап хан шайлаган окуясы айтылып келет.

–––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––

Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, чоңоюп-чочойсо, ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси, пайдасы жок падышанын ак сарайына караганда, кедей-кембагалдын куурай, чий калаган сайма алачыгы артык. Үчүнчүсү, элдин эмгегин кансыктатып жеген кажыган жолборстон көрө көп көзүнөн түнөк таппаган көр чычкан артык.

––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––

Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Учкул сөздүн устаты Алдаш Белек уулу
Садыр аке 44 жашка чыкканда, тагыраагы, 1865-жылы күз айларында бугу менен сарбагыш уруусунун чоң жыйыны өтүп, ал жыйынга Садыр аке атайын эле кечигип келет экен (бул санжыраларда айтылып жүргөн маалымат).

Ошол жыйында Садыр акенин кечигип келгенин, ашыкча сөөлөт күткөнүн, чогулушта Шабдан баатырдын оң капталында олтурганын жактырбаган Шабдандын көпкөн жигити Баяке итиреңдеп, Садыр акени сөөмөйү менен сайып көрсөтүп:

"Мырзам, тиги мурду жырык кара уйдай болуп шаңырайып олтурган ким деги?" — деп калат (санжыраларда, адабияттарда Садыр акенин өңү серт адам болгон деп сүрөттөшөт). Садыр аке ага төмөндөгүдөй жооп берет:

"Атам Жолболду, өзүм Садырмын.
Атасы жок эли менен жат болгон,
Ага-ини менен кас болгон,
Арам ишке маш болгон,
Бычтырып салып ат болгон,
Ат төбөл карыш тебетей кийген,
Баяке деген сен болуп жүрбө!
Билсең саякмын, билбесең башыңа тийген таякмын",
 — деп элдин алдында Баякенин абийирин айрандай төгөт.

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына орнотулган айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Сөз дулдулун таптаган тоо булбулу Токтогул
Ошол жыйында Садыр аке сөз алып: "Жаратылышынан аялбаакы Кудаярдын баласы Рахматулланы той-тамаша куруп жеринен Байтик баатырдын кырып салганы ырас. Аны мен бери эле болгондо Кудаярдын найза бойлогус кылык-жоруктарына карата өч алуу катары баалаймын. Болбосо, Байтиктин бир тууган инисин "ордо жигити кылам" деп жылуу ордунан козгоп алып кетип, уялбай-этпей туруп ажатканасын тазалаттырып койгону бери эле болгондо Кудай кечирим бергис кылмыш. Ошондуктан бул маселеге кун төлөө талабын орунсуз иш деп баалаймын. Ал эми Байтиктин Каракол оезунан миң жылкы доолаган арызы дагы суу кечпейт. Бул барып келип эле карапайым элдин жонуна түшкөн мүшкүл, кайыштай тартылган кыл аркан…" деп коюлуп жаткан бир нече маселелерди бир сөз, төп калыс, бетке айтылган таамай сөздөр менен чечип, көпчүлүктүн көңүлүнө орной алган экен.

Маалыматтар ачык булактардан алынды

Жаңылыктар түрмөгү
0