Бүгүнкү күнү абактан качкандардын саны миңге чамалайт. Себеби эмнеде?

Жазылуу
Учурда Кыргызстандын абактарында 11 140 киши бар.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы жатак абактардан качып кеткендердин саны 958 кишиге жетет. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшөнбиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет.

Дүйшөнбиев качып кеткендердин мынчалык көп болуп жатышынын себебине токтолду.

"Булар эмне үчүн көп? Анткени СССР урап, маалымат 1990-жылдардан бери чогулуп келе жатат", — деди ал.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын абактарында 370 чет элдик жаран жаза өтөп жатат
ЖАМК төрагасынын биринчи орун басарынын ырасташынча, эгер качып кеткен киши кайта келсе, мунапыс боюнча качкандыгы үчүн жазадан бошотулат, бирок калган кылмыш иштери боюнча жоопкерчилигин тарта берет.

Талкуунун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматы материалдарды сотко жөнөтөрүн жана сот гана мунапыс кимге туура келерин прокурорлордун катышуусу менен чечери айтылды.

Эгер мунапыс берилсе, абактагы 285 киши эркиндикке чыгат. Андан сырткары, 2879 кишинин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат. Учурда Кыргызстандын абактарында 11 140 киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0