Кыргызстанда авиабилеттердин баасы арзандайбы? Адистердин жообу

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы тараткан билдирмеде авиабилеттерге болгон баа 40 пайызга төмөндөй турганы айтылган. Бирок "Эйр Манастын" өкүлү башка ойдо.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн тегерек столдун катышуучулары "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндөгү мыйзам авиа билеттердин баасына кандай таасир этерин айтып беришти.

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан эл аралык жарандык авиациянын кара тизмесинен чыгар-чыкпасы айтылды
15-январда "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Өзгөртүүлөрдүн негизинде "ачык асмандын бешинчи тепкичи" киргизилет — чет элдик учактар жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды Кыргызстанга алып келип, кайра башка өлкөлөргө ташый алат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы тараткан билдирмеде авиабилеттерге болгон баа 40 пайызга төмөндөй турганы айтылган.

Анткен менен "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлү Данияр Арынов баалар төмөндөбөй турганын, мурдагыдай эле рынокко жараша болорун билдирди.

"Баалар 40 пайызга төмөндөйт деген маалымат туура эмес. Компания чоң чыгымдарды эске алганда минуска кете албайт. Фирмалар ири суммадагы каражаттарды салык катары төлөйт. Ошондой эле авиакаттамдарды аткарган команданы кармап турууга эле миңдеген долларлар сарпталат. Бул акчаларды компанияга эч ким тургузуп бербейт. Билеттерге болгон баа рыноктогу абалга жараша түзүлөт", — деди ал.

Авиаторлор бирикмесинин төрагасы Жекшенбек Алыбаев "Ачык асман" чет өлкөлөргө болгон авиабилеттердин баасына таасир этпей турганын билдирди.

"Чет өлкөгө болгон авиабилеттер 140 доллардан башталат. Мыйзам аны төмөндөтпөйт. Кыргызстандыктар үчүн башка бонустар болот. Бирок анын билетке болгон баага тиешеси жок", — деди Алыбаев.

"Ачык асмандын" арты менен ким каражат табарын материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0