Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. "Биз — ата-энебиз" долбоору

© Sputnik / Табылды КадырбековСупруги Ислам Сманов и Зарема Жунусова
Супруги Ислам Сманов и Зарема Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз — ата-энебиз" аттуу жаңы рубрикабыздын алкагында үй-бүлө күтүү, кош бойлуулук, төрөт, балдарды тарбиялоо жаатында баарлашабыз. Мында сиздер акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун кеңеш жана сунуштары менен тааныша аласыздар.

Бул жолку маегибиздин каармандары — жаш үй-бүлө ээлери. Ислам Сманов — жеке ишкер, Зарема Жунусова — модель, "Mama party" тематикалык кечелеринин уюштуруучуларынын бири. Маектештерибиз 2013-жылы баш кошкон. "Биз ата-энебиз" автордук берүүсүнүн алгачкы чыгарылышында жубайлардын тун перзенттүү болушу, коомдогу көндүм пикирлерге туруштук беришкени жана баланын аң-сезиминин эрте жетилиши тууралуу айтып беришти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИслам Сманов менен Зарема Жунусова 2013-жылы үйлөнүшкөн. Ал кезде үй ээси 22 жашта болчу.
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. Биз — ата-энебиз долбоору - Sputnik Кыргызстан
Ислам Сманов менен Зарема Жунусова 2013-жылы үйлөнүшкөн. Ал кезде үй ээси 22 жашта болчу.

Зарема Жунусова: — Бала күтүүгө ашыккан жокпуз, эркин жашагыбыз келди. Балдар чоң жоопкерчиликти талап кылат эмеспи, үйлөнгөндө өзүбүз бала бойдон элек. Бала жыттагыбыз келгенин бир аз кечирээк түшүндүк, буга туугандарыбыз да таасир этпей койгон жок. Үйлөнүп-үйлөнө электе эле бала жөнүндө суроолор жаай баштаган. 2016-жылы чүрпөлүү болдук, ушуну менен өзүбүздүн жашообуз бүттү го, баарын жыйыштырып, болгон убактыбызды балага жумшайбыз го деп болжогонбуз. Тескерисинче, жашообуз мурдагыдан жаркын түс алып, кызыгы, маңызы арта түштү. Балким ошол себептендир, бош убактыбызды ого бетер баалай баштадык.

Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: үй-бүлөдө сөз бүтпөш керек, бүтсө эле бир нерсе болот
Ислам Сманов: — Ооба, өзүбүз үчүн жашагыбыз келген. Ал кезде араң 22де болчумун. Саякаттадык, көңүл ачтык, анан эң маанилүү вазыйпаны ишке ашыруу менен алдыга жылуубуз керектигин аңдадык. "Качан бала күтөсүңөр, болгула эртерээк" деп ата-энебиз, туугандар, достор кулактын кужурун ала баштады. Уулдуу болгон күндүн эртеси эле баары кайра "жаш кезиңерде, алдуу-күчтүү убагыңарда удаа экинчи балалуу да болгула" деп киришти. Атургай, биздин ультрадиагност врачыбыз да удаа беш балалуу болгула деп кеңеш берген.

Бирок биз чындап эле ата-эне болуу үчүн абдан кылдат даярдандык. Соңку убактарда ар кандай кемтиги бар балдар көп төрөлүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан кош бойлуулук, балалуу болууну пландоого өтө олуттуу карадым. Зарема экөөбүз биргеликте бардык анализдерди тапшырдык. Зарыл дары-дармекти ичтим, себеби кош бойлуулуктун алгачкы үч айлыгы аябай маанилүү убак экендигин түшүнгөм, ошол кезде баланын органдары пайда болот. Түйүлдүктө кандайдыр бир кемтик жокпу деп УЗИ, скрининг жасаттырдык. Раим жаңы төрөлгөн убакта үйдө деле көп турган жокмун, аябай иштедим. Эркек кишини андай нерсе алгач дендароо абалга салат экен. Бала төрөлдү, баары сонун, баары укмуш. Бирок бул турмуш ыргагын, жашоо мүнөзүн да кескин өзгөртөт экен. Таң агарганда кетип, кеч кайтчу болгом үйгө. Балким, баланын ичи ооруп кечке ыйлаганынан улам ошенткендирмин... Зарема тарбиялык процесстин башында турду, менимче, өз милдетин жакшы аткарды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИслам Сманов: уулум жаңы төрөлгөндө үйдө деле көп турган жокмун, аябай иштедим. Эркек кишини андай нерсе алгач дендароо абалга салат экен. Турмуш ыргагы өзгөрдү Таңдан кечке иштечүмүн. Балким, баланын ичи ооруп кечке ыйлаганынан улам ошенткендирмин.
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. Биз — ата-энебиз долбоору - Sputnik Кыргызстан
Ислам Сманов: уулум жаңы төрөлгөндө үйдө деле көп турган жокмун, аябай иштедим. Эркек кишини андай нерсе алгач дендароо абалга салат экен. Турмуш ыргагы өзгөрдү Таңдан кечке иштечүмүн. Балким, баланын ичи ооруп кечке ыйлаганынан улам ошенткендирмин.

— Бала тарбиялооңуздарга туугандар кийлигишкен жокпу?

Зарема: — Көп эле аракеттер болду. Бирок биз башында эле "уул биздики, аны кантип тарбиялоону өзүбүз чечебиз" деп такташып алганбыз. Баары мени баласынтып үйрөтүп киришкен. Туугандарым капа болбосун, аларды аябай жакшы көрөм. Уулумду китептер менен да тарбиялабадым, ошентсе да бул жаатта көп адабияттарды, ошол эле Комаровский менен Петрановскийди да окуп чыккам. Бирок анда жазылган кеңештерди аткарган жокмун. Эне кандай кылышты баары бир өзү туя билет экен, себеби ар бир ымыркай өзгөчө. Өз ички туюмуңузду жана жүрөгүңүздү тыңдаңыздар деп кеңеш берер элем.

— Жаш үй-бүлөңүздөрдө кандайдыр адаттар калыптанып калдыбы?

Ислам: — Аптанын ар дүйшөмбүсүнөн жумасына чейин мен жумуштамын. Бул күндөрү Зарема менен Раим өз иштери менен алек. Ал эми жекшембинин таңында мен тамак даярдайм. Аны ичип алып, сейилге чыгабыз. Адатта баланы коляскага салып алып, шаарды жөө кыдырабыз. Асанбай кичирайонунда турабыз, андан Орто-Сай айылы же Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин басабыз. Бир күн бою сейилдеп, кыдырып, балмуздак жеп, кечки тамакты сөзсүз түрдө кафеден жеп кайтабыз. Ушундай жекшембилик салтыбыз бар.

— Саякатка чыкканыңыздарда баланы да кошо аласыздарбы?

Ислам: — Суу жээгинде бир апталык эс алууга бала менен барууга болот, мында кемчилигинен артыкчылыгы арбын. Маселен, баланын өсүшүндө кескин өзгөрүүлөр байкалат. Чет өлкөгө болгон сапарларыбыздын биринде уулубуз дароо бир нече сөздү айта баштаган. Дароо чоңое түшкөндөй сезилген бизге. Эгер калаа кыдырмай сапарга чыксаңыз, анда баланы калтырганыңыз дурус. Ал коляскада отурса деле узакка кыдыра албайт, көтөр деп чыргоолоно берет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗарема Жунусова: эне кандай кылышты баары бир өзү туя билет экен, себеби ар бир ымыркай өзгөчө. Өз ички туюмуңузду жана жүрөгүңүздү тыңдаңыздар деп кеңеш берер элем.
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. Биз — ата-энебиз долбоору - Sputnik Кыргызстан
Зарема Жунусова: эне кандай кылышты баары бир өзү туя билет экен, себеби ар бир ымыркай өзгөчө. Өз ички туюмуңузду жана жүрөгүңүздү тыңдаңыздар деп кеңеш берер элем.

Зарема: — Узак жолго ашыкпоого кеңеш берет элем. Түркияга барганыбызда балабыз дароо эле көнүп кетет деп ойлогом, бирок климат таптакыр бөлөк окшойт. Уулубуз алгачкы күндөрү бир топ эле кыйналды. Айрым энелер учакта бала көп кыйналбасын деп антигистаминдик каражаттарды, бала кызыгып ойногон оюнчуктарын алып алуу керектигин айтышат. Бир топ дары-дармек алган элек, кудай жалгап, эч биринин кереги тийген жок. Эки күндөн кийин Раим ал жакка көнүп, анан ошол жактан тиштери жарылып чыкты. Айтор, эс алуубуз кызык болгон. Бирок көзү каныгып калган жерден башка шарттарды да көрүү балага дайым кызык, өсүшүнө да пайдалуу. Уулубузга баары жаккан. Анын айланага таңгала көз чаптырганы ошончо кабатырланып, санааркаганыбызды жууп кеткен.

— Бала бакчасын кандай тандап алдыңыздар?

Жаштар арасында көзгө басар комузчулардын бири Закирбек Дүйшөнбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Закирбек Дүйшөнбек уулу: эки кол чабылмайын үн чыкпайт, ажырашкым келген эмес
Зарема: — Көпчүлүгүн кыдырып чыктым. Мен үчүн башкысы бала бакчалардын тазалыгы жана жалпы абалы маанилүү болчу. Ошондой эле тарбиялануучуларды да байкап, корккон түрлөрү жокпу, таза каралганбы деп карап жүрдүм. Балдарды көргөндө эле баары анык боло түшөт эмеспи. Ошондой эле бакчанын билим, тарбия берүү системасы жана тарбиячылардын өздөрүнө да көңүл бөлдүм. Мисалы, баламды жибере турган бакчада баары наристелерге ылайыкташтырылган. Жөнөкөй эле нерселер – тепкичтер ылдый, тосмолор балдардын бойлоруна жараша жасалган. Анан албетте, педагогикалык курамы да мыкты экен. Уулум дал ошол жерде өз баладай кабылданарына ынандым.

Эки жашка толгонунда бакчага бердик. Жалпы ченем боюнча бакчага эртерээк бара баштады. Бирок дагы бир ирет ар наристе өзгөчө экендигин кайталайын. Маселен, менин уулум ар күнү сейилге чыкканыбызда башка балдарга аралашууга умтулчу. Албетте, биз аны менен ойночубуз, сүйлөшчүбүз, китеп окуп берчүбүз, бирок баары бир эне анын курбалдаштарынын ордун баса албайт.

Зеригип кеткенин, өз кызыкчылыктары, муктаждыктары чыга баштаганын түшүнгөнүмдө бала бакчага берүүнү чечтим. Андай жайлардын жанынан өтүп баратканыбызда андагы балдарга кандайдыр кусалык менен караганын байкадым. Ошондо психологиялык жактан бакчага барууга жетилгенин түшүндүм. 

© Фото / из личного архива Заремы ЖунусовойЖубайлар эс алуу күндөрүн чогуу өткөрөт. Өздөрүнүн адатка айланып калган салттары бар.
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. Биз — ата-энебиз долбоору - Sputnik Кыргызстан
Жубайлар эс алуу күндөрүн чогуу өткөрөт. Өздөрүнүн адатка айланып калган салттары бар.

— Балдардын аң-сезимин эрте өрчүтүү боюнча алектенериңизден кабардармын. Ал кандай ыкма?

Зарема: — "Акылтай" деп аталат. Аны менен машыгууну токтотуп койгонубузга өкүнөм. Уулубуздун 4,5 айлык убагында баштаганбыз. Ага оюн түрүндө эле барактарда жазылган 15тей сөздү көрсөтчүмүн. Көп кыйнабадым. Алты айлык кезинде эки башка сөздү дароо көрсөтүп, керектүүсүн көрсөтүүсүн өтүнө баштагам. Ал эч катасыз аткарчу. Ачыгын айтсам, ага өзүм да ишене алчу эмесмин. Дагы уланта берсек, менимче, эки жашында окуганды үйрөнүп калмак.

Мындай ыкма аны өзү теңдүү балдарга караганда алда канча ынтызарлыкка, дилгирликке үйрөтмөк. Мен балдардын аң-сезиминин эрте өрчүшүн жактайм, бул абдан жакшы көрүнүш. Генийлерди тарбиялап чыгуу зарыл дегенден алысмын, бирок баланы ой жүгүртө билгендей, ынтызар болууга тарбиялоо керек.

— Жаш түгөйлөргө кандай кеңеш айтар элеңиздер?

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары
Ислам: — Бала жыттай электер, балалуу болуңуздар. Балким, кимдир бирөө чочулап тургандыр, дагы башкаларына бала күтүү ыңгайсыздыр. Бирок бул чоң бакыт, керемет! Ата экениңизди жубайыңыз кош бойлуу кезинен тарта эле сезе баштайсыз. Анан перзентиңиз жарык дүйнөгө келет, анын өсүшүнүн ар бир баскычында бакытка бөлөгөн ирмемдери бар, жөрмөлөй баштаганы, бир-эки кадам шилтей жыгылышы, алгач ирет "ата" деши… Бул учурлар сөз менен жеткире албай турган керемет сезимдерге чулгайт. Жашоонун маңызы — артыңда тарбия көргөн, маданияттуу жана акылдуу адамды тарбиялап калтырууда!

Жаңылыктар түрмөгү
0