Кызыңызга ат кое албай жатасызбы? "Манас" эпосундагы ысымдардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген аял. Архив
Улуттук кийим кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ааламга адам келди, ат коелу" демекчи, кичинекей бала аман-эсен төрөлгөндөн кийин ага ысым ыйгаруу дагы маанилүү учурлардан болуп эсептелет. Өзгөчө кыз балага жарашыктуу ат бергенге аракет кылабыз. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыздардын нукура аттарын тапканга аракет кылды.

Редакция "Тибиртке" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында 1995-жылы жарык көргөн "Манас энциклопедиясы" китебин барактады. "Манас" эпосунда жалпысынан 500дөн ашык каармандын аты аталат. Анын жарымынан көбүн эркектер түзөт. Биз бул жолу айрым кыз-келиндердин ысымына токтолдук.

  • Адирабийга — Санирабиганын (Каныкей) эжеси;
  • Акмама — Санирабиганын (Каныкей) энеси;
  • Айымжан — Каныкейдин нөкөрү (кызматчы — ред.);
  • Арышкан — Каныкейдин нөкөрү;
  • Азелкан — Каныкейдин нөкөрү;
  • Акеркеч — Көкчөнүн аялы;
  • Акканыш — Көкөтөйдүн ашында Аккан кандын аялы экендиги айтылат;
  • Арууке — Алмамбеттин аялы;
  • Акылай — Шооруктун кызы, Манастын аялы;
  • Айчүрөк — Акун кандын кызы, Семетейдин жубайы;
  • Акбермет — Сейтектин колуктусу;
  • Балкыя — Каныкейдин нөкөрү;
  • Бакдөөлөт — Жакыптын кичүү аялы;
  • Бегимжан — Айчүрөктүн нөкөрлөрүнүн башчысы;
  • Бурмажан — Каныкейдин нөкөрү;
  • Гүлканыш — Көкөтөйдүн аялы;
  • Жайнаке — Кыястын аялы, Жанаалынын кызы;
  • Жанымжан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири;
  • Канымжан — Айчүрөктүн нөкөрү;
  • Карлыгач — Манастын карындашы;
  • Күнүкөй — Күнкандын кызы;
  • Калбүбү — Каныкейдин нөкөрү;
  • Каныкей — Манастын аялы;
  • Карабөрк — Манастын биринчи аялы;
  • Канышай — Бокмурундун колуктусу;
  • Нааркүл — Манас күйөөлөп барганда Каныкейдин эшигин тосуп турган жети нөкөрдүн бири;
  • Мунускан — Каныкейдин нөкөрү;
  • Сайкал — баатыр кыз;
  • Санирабийга — Манастын аялы;
  • Сейилсам — Каныкейдин нөкөрү;
  • Серсебай — Каныкейдин нөкөрү;
  • Сулайка — Каныкейдин нөкөрү;
  • Сыягүл — Каныкейдин нөкөрү;
  • Талбаарам — Каныкейдин нөкөрү;
  • Чыйырды — Манастын энеси;
  • Чынаяткан — Каныкейдин нөкөрү.
Жаңылыктар түрмөгү
0