Бажы кызматынын төрагасы Райым Матраимовдун ордуна кайтышы боюнча пикирин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык соту Райым Матраимовду өткөн жылдын 28-декабрында мурдагы кызматына кайтаруу боюнча өкүм чыгарган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Экс-бажычы Райым Матраимовдун тушунда статистикалык көрсөткүчтөр жогору болгон. Бул туурасында Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков маалымат жыйында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын "Матраимовдун кайра кызматка кайтып келишине кандай карайсыз?" деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал Матраимов 20 жылдан ашуун бажы тармагында иштегенин айтып, сот кандай чечим чыгарса ага эч тоскоолдуксуз баш ийүү керектигин белгиледи.

"Райым Матраимов Ош аймактык бажыны жетектеген, Республикалык бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Анын тушундагы статистиканы карасак, жакшы көрсөткүчтөр болуп динамикалык өсүүлөр байкалган. Андыктан биз соттун чечимине карайбыз. Өзүңүздөр билесиздер, маалыматтык талаа түзүп, бардык адамды эле каралап же кадырын көтөрүп коюуга болот. Бул жерде факт менен карап көрүш керек, Райым Матаримов бир да жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес, кылмыш иштери жок. Андай болсо, кайра кызматка келишине кантип биз тоскоол боло алабыз? Демек биз анын конституциялык укугун коргоого милдетүүбүз", — деди Оңолбеков.

Белгилей кетсек, шаардык сот Матраимовду мурдагы кызматына калыбына келтирүү боюнча өкүмдү өткөн жылдын 28-декабрында кабыл алган. Ал эми өкмөт Жогорку сотко даттана элек.

Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2017-жылы 23-ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алган. Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына кайтууну суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0