Атамбаев үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигине учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса менен. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы өлкө башчысы бир жумадан кийин келери айтылды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн Бириккен Араб Эмирлигине бүгүн эртең менен учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, экс-президент бир жумадан кийин, 4-февралда, Кыргызстанга кайтып келет.

Буга чейин Атамбаев үй-бүлөсү менен 11-январда Индияга барары айтылып, бирок сапар болбой калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0