Өксүткөн "Жүк-200", Марзия жеңенин тагдыры... Топчугүл Шайдуллаеванын айылга каты

© Фото / из личного архива Топчугуль ШайдуллаевойПублицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева
Публицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет айылга катты публицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева жолдоп, түпөйүл болуп жүргөн бир нече ойлорун кагазга түшүрдү. Алардын арасында "Жүк-200" кайгысы бар.

Өзүм төрөлүп өскөн Баткендин Кара-Булак айылы тууралуу айтаар сөзүм, жолдоор саламым оголе көп. Аларды мен бир катка дегеле сыйдыра албасмын.

Айылымдан кеткениме туура 41 жыл болду. Ушул мезгил бүктөмүндөгү саргайткан сагынычты, кубарткан кусалыкты кырк бет кагазга жазсам да аздык кылаар…

Ошентсе да айылын, төркүнүн ар дайым сагынып жүргөн, анын ысык-суугуна кайдыгер карай албаган калаалык кыздын чакан катын кабыл алып коюңуздар.

Арыбаңыздар, ардактуу менин айылдаштарым!

Эл-журт ичи тынч-аманбы? Азыр Кара-Булактын кышы кар көп жаап, адаттагыдай катуу болуп жатса керек…

© Фото / из личного архива Топчугуль ШайдуллаевойПублицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева Баткендин Кара-Булак айылынан кеткенине быйыл туура 41 жыл толду
Өксүткөн Жүк-200, Марзия жеңенин тагдыры... Топчугүл Шайдуллаеванын айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Публицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева Баткендин Кара-Булак айылынан кеткенине быйыл туура 41 жыл толду

Эсимде, мындан бир топ жыл илгери отун, көмүр жетишпей, сатып алганга тыйыны жок каржалып, айылдаштарым аргасыз короосундагы өрүктөрүн четинен кыйып жагып, кыштан эптеп чыгышкан. Мындай акыбал бир канча кыш кайталанып, дүпүйгөн өрүкзарлар суюлуп, жумушсуз жаштар Россияга жапырт жөнөп, эл да суюлуп, ошол жылдары айылдын бир топ кунары качып кеткен эле. Айылга барган сайын почтонун жанында уул, кыздарынан кабар күтүп, акча күтүп саргайып отурган кемпир-чалдарды көрөт элем. Ал маалда азыркыдай мобилдик телефондор элде жок болчу. Айылдаштарымдын карманып тутканы почтодогу жалгыз эски телефон болгон.

Какшаткан "Жүк-200"

Ректор ОшГУ Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Эңсеткен эне мээрими, ай жарыгындагы муз. Профессор Каныбек Исаковдун айылга каты
Жылдар өтүп, миграция айылдаштарымдын жашоо, турмушун түп-тамырынан өзгөрттү. Айылымдын өжөр жаштары бир гана билек күчүнө ишенип, ысык-суукка карабай бет келди жумуш издеп алыстарга, алыстарга Ата Журттан чыгып кетишти. Кара-Булакты гүлдөтүп жаткан бүгүн ошолор. Каз катар жаңы үйлөр салынып, элдин курсагы тоюп, тойлор болуп дегендей… Бирок мунун баары айылдаштарым үчүн өтө-өтө кымбатка турду. Айылга катарлап келген "Жүк-200" канчасынын көз жашын көлдөтүп, мөгдөттү. Бөтөн элде фабрикадагы өрттөн күйүп калган эже-сиңди кыздар, шовинисттердин муштумунан өлгөндөр, кырсыктап каза болгондор, айыкпас дарттан көз жумгандар… баары болду биздин айылда. Россияда иштеп жүргөн эки уулунан удаа айрылган Марзия жеңебиз кайгысына чыдабай, тез эле өзү да каза болуп калды. Атына заты жарашкан Темирбек уулунан айрылган Сайдакпар агайыбыз кайгыдан карылыкка эрте баш койду. Эки карындашынан удаа айрылган Алимжан, жалгыз уулун колдон алдырган Рыспай теңтуштарым… санай берсем бир топ. Айла жок, чет жакка жумуш издеп кетмей айылымда азырга дейре токтобой келет. Айылдаштарыма амандык тилеймин.

© Фото / Темирбек АлымбековШайдуллаева: айылыма катарлап келген "Жүк-200" канчасынын көз жашын көлдөтүп, мөгдөттү...
Өксүткөн Жүк-200, Марзия жеңенин тагдыры... Топчугүл Шайдуллаеванын айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Шайдуллаева: айылыма катарлап келген "Жүк-200" канчасынын көз жашын көлдөтүп, мөгдөттү...

Айгүл гүлү

Ар ким өз айылын көкөлөтөт чыгар. Бирок биздин айылыбыз өтө кооз. Баткен районунун эли жайкысын жапырт эс алганы Кара-Булактын түштүк тарабындагы шар аккан тунук суусу, түркүн куштар сайраган токою, жайнаган гүлдөрү бар Алмалы капчыгайына келишет. Баарынан да кийинки маалда жазуучу агайыбыз Мурзапар Үсөнөв курган "Музбулак" коругу бүтүндөй Өрүкзар чөлкөмүнүн маданий борборуна айланып калды.

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Жууса кеткис кыял, хирург кылган жеңенин төрөтү. Мамакеевдин айылга каты
Айылдын түндүк-чыгыш тарабында кучагына керемет гүл өстүргөн Айгүл таш тоосу турат. Бала кезде ушул тоонун этегине гүл ачылаар менен элден мурда мага окшогон оюнкараак кыздар жетип барып, боюбуз менен тең айгүлдү кучак толо үзүп алып үйлөрүбүзгө алып келет элек. Ал мезгилде азыркыдай тоонун чокусуна чыгып, таштардын кычыктарынан гүл издемей жок болчу. Гүлдөр тоо бетин өрттөй каптап, этегине дейре жайнап ачылат эле. Биз үзгөндөн гүл азайбай, кайра жыл сайын айгүлдөр тоо боорун бербей ачыла берчү. Чырайлуу гүлдүн башына түшкөн азап кийин башталды… Адегенде аны массалык түрдө үзүп алып, кайдан-жайдан келгени белгисиз кызыл кулактар бир жактарга алып барып сатып киришкен. Андан соң буга да алымсынбай, напсисин агыткандар гүлдүн тамырын казып алып короосуна жана башка жактарга отургузганга алып кете башташкан. Гүл азая берди, азая берди. Бүгүн болсо көрөм деп келген миң-сан адамдардын таман астында тебелендиде калып, тоо кыртышы таштай катып, гүл качып кетти. Эгер айгүл гүлүнө карата мындай мамиле кала берсе, бул сейрек гүл биротоло жок болуп кетиши ыктымал.

Урматтуу улуу, кичүү айылдаштарым, жергиликтүү жетекчилер, сиздерден суранаарым, Айгүл тоого чыгууга жок дегенде 10 жылга мораторий жарыялабайлыбы, гүл өзүнө келип алсын.

© Фото / Владимир ПархоменкоШайдуллаева: убагында Айгүл гүлү тоо бетин өрттөй каптап, этегине дейре жайнап өсчү
Өксүткөн Жүк-200, Марзия жеңенин тагдыры... Топчугүл Шайдуллаеванын айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Шайдуллаева: убагында Айгүл гүлү тоо бетин өрттөй каптап, этегине дейре жайнап өсчү

Карабулактыктар бир кезде ушул гүлдү коргойбуз деген демилге көтөрүп, гүл ачылган маалда мектеп окуучуларынан патруль уюштуруп, убагында жакшы эле аракеттерди кылышкан. Бирок бул элде жок чырайлуу гүлдү көрөм деген миңдеген адамдардын каалоосун эч ким, эч нерсе токтото албай келет…

Катымдын аягында биринчи иретте айылдаштарыма тилегеним — АМАНЧЫЛЫК. Аталарыбыздын тукумун улаган уул-кыздар көп төрөлсүн, Кара-Булакта бейпилдик коштогон береке орношун каалайм.

Урматтоом менен кызыңар, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, публицист, социолог Топчугүл Шайдуллаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0