Баары 150 сомдук булгары билериктен башталды... Жаш ишкердин маеги

© Фото / Нурсултан Талиев Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков
Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улан Таштанбеков булгарыдан сумка тигет. Бул өнөрдүн окуусун окуп же YouTube каналынан атайын тасма сабак деле көргөн эмес.

Бүгүнкү күндө кол менен жасалган жумуш анчейин бааланбайт. Бирок 24 жаштагы ишкер Улан Таштанбеков юрист болуудан баш тартып жогорку окуу жайды таштап, сумка тиге баштаган!

Бир эле эмес, бир нече түрмөк булгарыны текке короткону менен акыры жакшы буюмдарды жасоого дасыгып калды. Ал тургай, Уландын питон терисинен күмүш менен шөкөттөлгөн сумка тиккен жайы да бар. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков24 жаштагы ишкер Улан Таштанбеков: туулган күнүмдө жакындарым мага жаңы телефон сатып алууга акча беришкен. Үстүнө дагы кошуп, кесипкөйлөр колдончу тигүү машинкасын 28 миң сомго сатып алдым.
Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков  - Sputnik Кыргызстан
24 жаштагы ишкер Улан Таштанбеков: туулган күнүмдө жакындарым мага жаңы телефон сатып алууга акча беришкен. Үстүнө дагы кошуп, кесипкөйлөр колдончу тигүү машинкасын 28 миң сомго сатып алдым.

— 11-класска чейин окубаганыңыз чынбы?

— Айылдык мектепте зерикчүмүн. Негизи мен хордо ырдагым келчү, музыкалык окуу жайды бүтүрө алмакмын. Бирок жакындарым "юристтик кесипти өздөштүр! Мыйзамдардын баарын билесиң" дешти. 16 жашта болчумун, ал куракта башкача ойлоно алмак белең?! 9-класстан кийин жакындарымдын кыстоосу менен юридикалык колледжге тапшырдым.

Кептин кыскасы, ал жакта да өзүмдү таба алган жокмун. Азыркыга дейре университетти аяктай элекмин, 4-курска келгенде окууну таштагам. Качандыр бир кез баары бир дипломдуу болом деп ишенем. 

© Фото / Нурсултан Талиев Улан Таштанбеков: ушул тапта кол буюмдарына талап жандана түштү. Батышта мындай буюмдар абдан бааланат, алар кымбат сатып алууга да даяр.
Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков  - Sputnik Кыргызстан
Улан Таштанбеков: ушул тапта кол буюмдарына талап жандана түштү. Батышта мындай буюмдар абдан бааланат, алар кымбат сатып алууга да даяр.

— Булгарыга кандайча кызыгып калдыңыз?

Мектепте мугалим болуп иштеген Нуржан Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Казакбаева: эмчектеги балам менен үйдө отуруп эле бизнес баштагам
— Тай боксу менен машыкчумун, залга келгендердин көпчүлүгү чоң булгары сумкаларга кийимдерин салып жүрүшкөнүн көрчүмүн. Андай сумкам жок эле, мен да ошондой көтөргүм келчү! Бирок эң эңсегеним — булгары күрмө эле, аны сатып алууга дарманым жок болчу, ал эми жасалмасын кийгим келчү эмес.

Бир күнү "Өлүм дептери" аттуу аниме тасмасын көрүп калдым. Сюжети мындай: бир дептерге адамдардын ысымдары жазылат, анан алар дүйнө алмаштырып кете беришет. Дал ошол тасмадагыдай булгары мукабалуу дептер алгым келди, же андай дүкөндөрдө жок. Акыры булгары жана 96 барактуу дептер сатып алып, материалды бычып, чаптап алдым. Жакшынакай дептер болуп калды.

Ашканынан өзүмө билерик жасап алдым, агезде булгары буюмдар модага айланган. Колледжге келип, бир аз мактана койсом, окуудагылар да жасап берүүмдү өтүнө башташты. Албетте, менин билериктерим дүкөндүкүнөн алда канча начар, бирок эки эсе арзан — 150 сом турчу.

— Башта булгарыны көп бузуп алып короттуңузбу?

— Ооба. Адеп баштаганда материалды кайчы менен кесүүгө аракет кылгам, бирок кыйшык чыгып калчу. Ошондон кийин гана акылым жетип, интернеттен атайын кескичке буюртма кылдым.

Туулган күнүмдө жакындарым мага жаңы телефон сатып алууга акча беришкен. Үстүнө дагы кошуп, кесипкөйлөр колдончу тигүү машинкасын 28 миң сомго сатып алдым.

Каражат үнөмдөө үчүн аны өзүм курамакчы болдум. Мага майда-чүйдө шаймандары менен чоң кутуларды алып келип беришти, башым маң боло түштү. Акыры курап чыктым да, иштейин деп отурсам эле тетири жакты карай тиге баштаса болобу! Кудай жалгап, электрониканы түшүнгөн досум туура курап берди. Машинкада тигүүнү үйрөнгөнчө канча нервим кетти дейсиз….

— Кыргызстан Кытай менен чектешет, андыктан базарда КЭРден келген арзан буюмдар жайнайт. Сатып алуучулар эмнеге сиздин эмгегиңизди сатып алышы керек?

— Ушул тапта кол буюмдарына талап жандана түштү. Батышта мындай буюмдар абдан бааланат, алар кымбат сатып алууга да даяр. Ошол эле кытай сумкасын алалы, алардын жарым жылга жарап берери да арсар. Ал эми биздики кеминде беш жылга жетет, баасы деле салыштырмалуу кымбат эмес, 2-3 миң сомдун тегерегинде. 

© Фото / Нурсултан Талиев Улан Таштанбеков: бир жолу бизге абдан таанымал кыргызстандык айымга белек үчүн питондун терисинен жана күмүш менен шөкөттөлгөн сумкага буюртма беришти, дүкөндө андай буюм 600 доллардын тегерегинде турмак.
Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков  - Sputnik Кыргызстан
Улан Таштанбеков: бир жолу бизге абдан таанымал кыргызстандык айымга белек үчүн питондун терисинен жана күмүш менен шөкөттөлгөн сумкага буюртма беришти, дүкөндө андай буюм 600 доллардын тегерегинде турмак.

— Кандай үлгүдөгү сумкаларга кыргызстандык айымдардын талабы чоң?

— Шоппер сумкасы. Калыбы боюнча ал кармагыч боосу бар баштыктай, ашыкча жасалгасы жок абдан жөнөкөй буюм, бирок ичинде бөлүмдөрү көп.

Ютубер Курманбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Ютубер Жолдошев: кызматкериме 140 миң сом айлык төлөгөнгө даярмын
— Кайсы сумка колуңуздан эң өзгөчө чыкты эле?

— Бир жолу бизге абдан таанымал кыргызстандык айымга белек үчүн питондун терисинен жана күмүш менен шөкөттөлгөн сумкага буюртма беришти, дүкөндө андай буюм 600 доллардын тегерегинде турмак.

Негизи питондун териси анчалык деле кымбат эмес, болгону күмүш фурнитурасы оңтойсуз. Абдан наздуу металл, карарып кетет, аны жакшы сактоо зарыл. 

— Булгарынын тазасын айырмалоонун жөнөкөй жолу барбы?

— Азыр жытын да окшоштуруп жасашат. Ажырата билүүгө болот, жасалма тери желим сымал, ал жылуу кармаган чыныгы булгарыга караганда муздагыраак келет.

— Кыргызстанда ашатылган тери туурасында көп терс пикирлерди уккам.

— Чындап эле баа менен сапат бири-бирине төп келишпейт. Ошол эле акчага дурусун табууга болот. Кыргызстанда даярдалган тери калың, өзүнүн бир жыты бар, ошентсе да ал ат жабдыктарына абдан ылайык. Балким, бир аз убакыт өткөн соң биздин өндүрүшчүлөр да алдыга жылар.

— Бизнесте кандай олуттуу катачылык кетиргенсиз?

— Үйдө иштебеш керек экен. Чоң апаң кайра-кайра чайга чакырып жатса, кантип бүт дитиңди ишке бере аласың? Аябай нык тоюп алган соң кантип иштейсиң? Дароо уйку басат, анан телевизордо кызыктуу фильм болуп жатса…

Бир жайды ижаралоону чечтим. Ошондо гана иш жүрүп кетти, иш атмосферасы жаралды. Азыр мени менен дагы үч киши иштейт. 

© Фото / Нурсултан Талиев Улан Таштанбеков: бул бизнес тамагочи оюнчугу өңдүү, азыктандырбай койсоң, токтоп калат
Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков  - Sputnik Кыргызстан
Улан Таштанбеков: бул бизнес тамагочи оюнчугу өңдүү, азыктандырбай койсоң, токтоп калат

— Сумка тигүү менен көп акча табууга болобу?

— Өзүбүзгө 250 миң сом киреше алабыз деп максат койгонбуз, 200 миңин гана аткара алдык. Бул каражаттын жарымы — биздин кирешебиз.

Бул бизнес тамагочи оюнчугу өңдүү, азыктандырбай койсоң, токтоп калат. Адеп ата-энем менин бул иштен бат эле көңүлүм калат деп ойлошкон, бирок бир топ убакыт өттү, алигүнчө булгары менен алектенем, келечекте да уланткым келет. Ушул тапта Россия, Казакстан, Өзбекстанда дүкөн ачуу кыялдарым бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0