Кыз жандуу күйөөмөн тажадым, кетип да кала албайм... Келиндин каты

CC BY-SA 2.0 / Wyatt Fisher / CouplesКак устроить ссору, чтобы улучшить жизнь
Как устроить ссору, чтобы улучшить жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында көңүлчөөк күйөөсүнөн көңүлү үч көчкөн журттай калган аялдын каты жарыяланмакчы.

Жашым 40тарга чамалап калды, үч баланын апасымын. Жолдошум менен үч жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ал киши менден эки жаш улуу. Тектүү жердин баласы, ата-энеси жакшы адамдар. Жашообуз кудайга шүгүр жакшы эле, күйөөм чарба кызматкери. Мен болсо турмушка чыккыча банкта иштечүмүн. Балалуу болгондон кийин иштебей калгам. Анын үстүнө айлыгы деле аз, үйдө баары жетиштүү, балдарга жакшы тарбия берейин деп үй кожейкесине айлангам. Каалаганымды күйөөм алып берет, акча-тыйындан кем эмесмин.

Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры
Сырттан көргөн адамга биздин үй-бүлө идеалдуу сезилет. Күйөөм да келишимдүү, иш десе иши бар, айтор, бизге суктангандар көп. Ошол себептен дагыбы, иши кылып үч жылдан бери көзүмө чөп салып түйшүккө салды. Мага эч нерсесин билгизбегенге аракет кылат, бирок угам. Балким, көрө албагандар жөн эле айтып жаткандыр десем жок, андай эмес болуп чыкты, далилдерим жетиштүү. Анын үстүнө кечинде ар кайсы шылтоо менен кеч келип, кээде "жумушунда" түнөп калат.

Ызаландым, кетүүгө аракет кылдым. Бирок эки бала менен кайда барам, кайда батам… Ата-энем келин-уулу менен турат, аларды бушайманга салгым келбейт. Анын үстүнө атама "жолдошум кыз жандуу" деп кантип айтам. Эже, курбуларым дагы "кайда кетмек эле, бир аз чыдап кой, мунун баары убактылуу, токтолот" деп жоошутушат.

Анын үстүнө күйөөм бизди эч нерседен кем кылбай багат, урбайт. Калжаңдап ичип, чекпейт. Балдарым жакшы турмушта чоңойсун деп эч кайда кете албай отурам.

Бирок күйөөмдүн ар ким менен жүргөнүнө да көз жуумп кое албай жатам.

Бир күнү аялдын атыры буркурап келди. Агыман жарылып буркан-шаркан түшүп ыйлап көзүмө чөп салып жүргөнүн айтсам, "көрө албагандар айтып-дей берет, сени эле жакшы көрөм" деп алдап койду.

Ызы-чуу салганым менен эки-үч күндөн кийин унчукпай отуруп калдым. Тирилик улана берет экен да. Бирок адаты калбай койду. Азыр деле кээде үйгө кеч келет, бир нерсе десең "жумуш көп, чарчадым" дейт.

Жолдошумду бул жаман адатынан кантип арылтам? Же басып кетсемби? Кайда барам, кантип жашайм…

"Үй-бүлөнү бекемдөө" долбоорунун психологу Гүлнара Жасоолова:

Үй-бүлөнү сактап, бекемдөө үчүн эркек да, аял да аракет кылышы керек. Баарына чекит койсомбу деп ойлонууга али эрте.

Күйөөңүздүн жакшы сапаттары көп экен, балдарды карайт, материалдык жактан камсыз кылат деп жатасыз. Ичпейт, чекпейт дедиңиз.

Обильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ата-энем оокаттуу жерге бар деп кыйнап... Бойго жеткен кыздын баяны
Ал эми аңдуу, шек саноо бул ага болгон ишенимдин жоктугунан кабар берет. Күйөөңүздүн телефонун аңдып, жыттап… Пссхологияда бирөөнүн оюн окуу деген бул туура эмес деп айтылат. Демек, сиз күйөөңүзгө ишенбей калгансыз, ошол себептен шек санап жатасыз. Андан көрө бетме-бет отуруп алып ачык айтып, маселени чечкен оң. "Кайсы жерим, эмнем сени канааттандырбай же жакпай жатат?" деп ачык сураңыз. "Күйөөмө жакшы аял боло албай жатамбы?" деп өзүңүзгө анализ жасап көрүңүз. "Эл айтты, элден уктум" деген бул ишенбөөчүлүккө жатат. Эгер жолдошуңузга болгон ишенич жоголсо, бара-бара ал да сизге ишенбей калат. Ал эми үй-бүлөдө аял-күйөөнүн бири-бирине болгон ишеничи болбосо мамиле муздайт, ынтымак ыдырайт. Жубайлар ортодогу сыйды, достук мамилени сактап, барктап жашаганга аракет кылганы оң.

Күйөөңүз эмнеге сизди башкаларга алмаштырып барып жатат? Анализ жасаңыз. Адам качан гана баары кызыксыз боло баштаганда башканы издейт. Мээрим, жылуулук, көңүл издейт. Балким, сиз балдар менен алышып жүрүп күйөөңүзгө жетишерлик көңүл бурбай жаткандырсыз…

Балким, жолдошуңуз сизди байкабай жаткандыр. Эч болбосо, балдар чоңоюп калса бакчага берип, жөн гана өзүңүз үчүн жумушка чыгыңыз, иштеңиз, алаксыңыз. Өзүңүздү карай баштаганда күйөөңүз сизди байкап, баалай баштаар. Адам кызыктуу болуш керек. Күйөөсүн аңдыбай, өзү менен өзү болуп алса, адам "буга эмне болгон?" деп кайра кызыгып карайт. Чөйрөнү да алмаштырыш керек. Кызыктуу бир нерсе менен алек болуш керек. Өч алам дебей жөн гана өзү үчүн, өзүн алаксытуу үчүн. Күйөөсү деле "сен кет" деген жок да. Бул да болсо турмуштук сыноо. Негизи мындай учурда психологго барып баарын айтып жеңилдеп алса да жакшы.

Дароо эле кетип калсамбы же ажырашсамбы деген ойдон алыс болуш керек. Үй-бүлө бузулса, канча аракет кылсаң да кайра куралбайт. Куралса да мурдагыдай болбойт. Ошондуктан аял-күйөөсү экөө тең мамилени ачык сүйлөшүп чечип, бүлөнү бузбаганга болгон күчүн жумшоосу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0