Таластагы Индия, Кочкордогу Тайвань... Жергиликтүүлөр атап алган айылдарга саякат

© Фото / Айбек ИскеналиевТайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө. Ал Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө кирет.
Тайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө. Ал Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө кирет. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эле аймагында жайгашкан Индия, Тайвань, Париж, Швейцария, анан калса Ыртыс, Тамаша айылдары тууралуу уктуңуз беле? Картадан таппайсыз. Анткени аларды жергиликтүү тургундар расмий аталышы менен эмес, айрым бир нерселерге таасирленип тергеп алышкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дал ушундай аймактарды тизмектеп көрүү максатында жашоочулары менен байланышып, айылдардын кыскача тарыхын билип көрдү.

Таластагы Индия же Бомбей айылы

Эмне себептен аталышы мындай деп турсаңыз, алгач айыл кайда жайгашканын айтып берели. Индиянын расмий аталышы — Кеңеш. Ал Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан. 

© Фото / Айбийке ЖолдошбековаИндиянын расмий аталышы — Кеңеш
Село Кенеш в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Индиянын расмий аталышы — Кеңеш

Айыл башчы Максатбек Сагыналиевдин айтымында, аймакта 125 түтүн жашайт. Тургундар мал чарбачылыгы менен алектенип, өзгөчө уй багууга басым жасашат. Ошондуктан айыл бекеринен Индия аталган эмес. 

© Фото / Айбийке ЖолдошбековаАл Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан
Село Кенеш в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Ал Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан

"Кеңеште 800гө чукул адам жашайт. Бизде жайыт кенен. Мал чарбачылыгы абдан өнүккөн. Көбүнчө уй бакканга аракет кылабыз. Болжолу менен 300-400дөй уй бар. Этке берип, сүтүн сатып акча табабыз. Жашаган жерибиз эки тоонун ортосундагы чоң жолдо жайгашкандыктан, көбүнчө уйлар асфальт жолдо тизилип туруп калат же тобу менен өтөт. Анан ошого карап айыл акыркы 20-25 жылдан бери "Индия" деп аталып келет. Тамашалап "булар уйга сыйынат" дешет. Кээде "Бомбей" дешет. Кеңеш десең көп биле бербейт. Келечекте уй чарбачылыгын мындан ары да өркүндөтүп, жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуу менен эт, сүт багытындагы мал багалы деп жатабыз", — деди айыл башчы.

© Фото / Айбийке ЖолдошбековаКеңеште 300-400дөй уй бар
Село Кенеш в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Кеңеште 300-400дөй уй бар
Сагыналиев кошумчалагандай, Индияда жашоочулар үчүн керектүү шарттар түзүлгөн. Мектеп, фельдшерлик-акушерлик пункт, мончо иштейт. Ошондой эле машыгуу үчүн спорттук зал курулуп жатат.

Кочкордогу Тайвань айылы

© Фото / Айбек ИскеналиевТайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө
Село Кызыл-Добо в Кочкорском районе - Sputnik Кыргызстан
Тайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө
Тайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө. Ал Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө кирет.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Айбек Искеналиевдин айтымында, Тайвань айылы эки суунун ортосунда жайгашкан. 

© Фото / Айбек ИскеналиевТайвань айылы эки суунун ортосунда жайгашкан
Село Кызыл-Добо в Кочкорском районе - Sputnik Кыргызстан
Тайвань айылы эки суунун ортосунда жайгашкан

"Кызыл-Дөбө менен Мантыш айылынын ортосун эки чоң суу бөлүп турат. Ошол эки суунун ортосунда Кызыл-Дөбөнүн 25-30дай түтүнү жашайт. Ал жактагыларды "тайвандыктар" (Кытайдагы аралдын аты — ред.) деп коюшат. 1960-жылдардан бери аталышы ушундай. Илгери бош турган жер экен. Бара-бара коңшу Чоң-Алыш айылынан башкарма, дүкөнчү, бригадир, мугалим болуп эмгектенгендер ишине карап көчүп келген экен. Агездеги кишилерден бирин-экин эле калды. Мен өзүм ушул айылда турам. Жамандык, жакшылыкка барганда бизди "тайвандыктар" деп тергешет. Аны уккан адам сөзсүз тарыхына кызыгып суроо узатат", — деди аймактын тургуну.

Тайвандыктар бардык айыл жашоочулары сыяктуу эле дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Оштогу Швейцария

Чоң-Алайдын өзүнүн Швейцариясы бар. Жергиликтүү жашоочу Улукбек Карыбек уулунун айтымында, айылдын картадагы аталышы Шибе. 

© Фото / Улукбек Карыбек уулуЧоң-Алайдын өзүнүн Швейцариясы бар.
Село Шибе в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдын өзүнүн Швейцариясы бар.

"Айыл мен эс тарткандан бери ушинтип тергелип келет. Эгерде Швейцарияны Шибе деген сөзгө уйкаштырып атап алды десеңиз, жаңыласыз. Биздин айылдын жаратылышы кооз, тоосу бийик, бак-дарактуу жер. Жайкысын өзгөчө ажайып көрүнөт. Ошондуктан бизди "швейцариялыктар" дешет. Дыйканчылыктын бардык түрүн колго алганбыз", — деди Карыбеков.

© Фото / Улукбек Карыбек уулуАйылдын картадагы аталышы Шибе
Село Шибе в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Айылдын картадагы аталышы Шибе
Ал кошумчалагандай, Шибеде 150дөй түтүн жашайт.

Кадамжайдагы Тамаша айылы

Тамаша айылынын картадан Маданий-Курулуш деп табасыз. Ал Баткендеги Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө карайт. 

© Фото / Зыяда БатыроваТамаша айылынын картадан Маданий-Курулуш деп табасыз
Село Котормо в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Тамаша айылынын картадан Маданий-Курулуш деп табасыз

Аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Зияда Баатырованын айтымында, Тамаша айылы тууралуу уламыш кептер бар. 

© Фото / Зыяда БатыроваАл Баткендеги Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө карайт
Село Котормо в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Ал Баткендеги Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө карайт

"Чыңгыз хандын тушунда айылда Мык баатырдын хандыгы турган. Анын аппак тордун ичинде эркелетип караган Бегимжан аттуу токолу болгон. Ошол мезгилде жуңгарлар жана калмактар Мык баатырдын хандыгына бастырып келип, бирок көрсөтүлгөн каршылыктан улам айылга өтө алган эмес. Баскынчылар Сох дарыясынын аркы өйүзүндө турушкан. Мык баатыр аларды жеңүү жолун ойлоп таап, бир гана токолу Бегимжанга айткан болот. Бирок токолу душмандардын башчысы менен көңүлдөш болуп тымызын байланышып турган. Ал Мык баатырдын дарыядан өтүп, аларды басып алуу жөнүндөгү айла-амалын көңүлдөшүнө жеткирип коет. Мунун кесепетинен Мык баатыр душмандарына жеңилип калат. Баатыр токолун чыккынчылыгы үчүн элдин алдына алып чыгып, чачын аттын куйругуна байлап, "эрине жана элине чыккынчылык кылган аялдын жазасы ушундай болот, шермендени карап тамаша кылгыла" деп көпчүлүктүн ортосуна кое берген экен. Ошондон улам кийин бул айыл эл оозунда "Тамаша" деп аталыптыр", — деп тарыхына токтолду жооптуу катчы.

Учурда айылда 650 түтүн калк жашайт. Эл негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенет. Зияда Баатырова кошумчалагандай, айылда социалдык объектилер жетишсиз. Тагыраагы, бала бакча, маданият үйү, коомдук мончо жокко эсе, ошондой эле таза суу көйгөйү башкы орунда.

Париж айылы

Бул жердин расмий дагы аталышы жок. 30дай түтүндү камтыган аймак Суусамыр өрөөнүндө, тагыраагы, Төө-Ашуудан түшө бериште Ош — Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Жергиликтүү тургун Бакыт Нусубалиев эмне себептен Париж аталып калганына токтолду. 

© Фото / Бакыт НусубалиевБул жердин расмий дагы аталышы жок. 30дай түтүндү камтыган аймак Суусамыр өрөөнүндө, тагыраагы, Төө-Ашуудан түшө бериште Ош — Бишкек жолунун боюнда жайгашкан.
Дорога Бишкек-Ош. Париж - Sputnik Кыргызстан
Бул жердин расмий дагы аталышы жок. 30дай түтүндү камтыган аймак Суусамыр өрөөнүндө, тагыраагы, Төө-Ашуудан түшө бериште Ош — Бишкек жолунун боюнда жайгашкан.

"Париж деп жолдон такай өткөн айдоочулар атаган. 90-жылдардын башынан тарта эл келип отурукташа баштаган. Ашкана ачып иштеткендер көбөйгөн. Анан кечкисин үйдүн, тамактануучу жайлардын жарыгы кооз көрүнөт эмеспи, бөтөнчө өйдө жактан түшүп келе жатканда жаркырап турат. Мындан улам, айдоочулар "Париж" атап алышкан. Азыр кафелерден сырткары унаа оңдоочу, май куюучу жайлар, мейманкана иштейт. Мал чарбачылыгы менен алектенип, сүт азыктарын сатабыз. Мектеп жок болгондуктан балдар туугандардыкында окуп, бизге дем алыш күндөрү келишет", — деди Нусубалиев.

© Фото / Бакыт НусубалиевПариждиктердин негизги көйгөйү — айыл статусуна ээ болуу
Дорога Бишкек-Ош. Париж - Sputnik Кыргызстан
Париждиктердин негизги көйгөйү — айыл статусуна ээ болуу
Париждиктердин негизги көйгөйү — айыл статусуна ээ болуу. Аймактын бир тарабы Жайыл районуна, экинчи тарабы Панфилов районуна карагандыктан жашоочуларга документ берилбей келет. Ошондой эле трансформаторлор көп болсо дешет.

Нарындагы Ыртыс айылы

Эгер айдоочуга Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылына жеткирип кой десеңиз, кайра сизден дарегин сурашы мүмкүн. Тургундары бул жерди "Ыртыс" деп айтышат. Ошол жакта жашаган Айжан Бекмуратованын айтымында, Ыртыстын туура айтылышы РТС, ал эми чечмелениши — Ремонтно-техническая станция. 

© Фото / Рахим Талантбек уулуАк-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылы
Село Кайынды-Булак - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылы

"Союз убагында бул жакта унаа оңдой турчу ири гараж болгон. Жеңил унаадан тарта трактор, комбайн, КамАЗдарга чейин оңдоп-түзөп беришчү. Бара-бара элдер иштеген жумушуна карап отурукташа баштайт. Элибиз ар кошкон, башкача айтканда, Ак-Талаанын 17 айылынан чогулуп жашап калганбыз. 1995-жылдары Кайыңды-Булак айылы деген аталышка ээ болдук. Анткен менен тургундар, жада калса райондогулардын баары "Ыртыс" дегенге көнүп алган. Бизде жалпысынан 100дөн ашык түтүн жашайт", — деди Бекмуратова.

© Фото / Рахим Талантбек уулуЫртыстын туура айтылышы РТС, ал эми чечмелениши — Ремонтно-техническая станция
Село Кайынды-Булак - Sputnik Кыргызстан
Ыртыстын туура айтылышы РТС, ал эми чечмелениши — Ремонтно-техническая станция
Ал кошумчалагандай, элеттиктер мал чарбачылыгы менен көбүрөөк алектенет. Климаты суук жерде дыйканчылыкты да өздөштүрүп алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0