Жардамдашалы! Бишкекте жоголгон 12 жаштагы баланын сүрөтү жана белгилери

Жазылуу
Фархад үстүнө күрөң-жашыл түстөгү куртка, ичинен көгүлтүр спорттук кийим, кара-көк джинсы жана кара бут кийим кийип алган болчу.

БИШКЕК, 25-янв — Sputnik. Бишкекте дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Фархад Асангулов изделип жатканын ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБез вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад
Без вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад - Sputnik Кыргызстан
Без вести пропавший 12-летний Асанкулов Фархад

Бала 2019-жылдын 24-январынан бери жок болууда. 

Өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр, кара тору, дене түзүлүшү орточо. Үстүнө күрөң-жашыл (хаки) түстөгү куртка, ичинен көгүлтүр спорттук кийим, кара-көк джинсы жана кара бут кийим кийип алганы айтылды. 

Милиция Фархад Асангуловду көргөн-билгендер болсо 0312) 54-41-84, (0555) 01-17-17, (0555) 10-23-09, (0704) 10-27-02, 102 номерлерине чалып кабарлап коюуну суранышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0