Кыргызстандыктар кайсы өлкөнүн жарандары менен көбүрөөк баш кошот. Статистика

Жазылуу
Акыркы сегиз жылда кыргызстандыктар 17 609 чет элдик менен никеге турган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын жарандары менен үй-бүлө курат. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал 2010-жылдан 2018-жылга чейинки мөөнөттөгү маалыматтарды көрсөттү. Анын айтымында, акыркы сегиз жылда кыргызстандыктар 17 609 чет элдик менен никеге турган.

Ибраимжанов, андан сырткары, акыркы маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү 700 миңден ашык кыргызстандык чет жакта эмгек миграциясында жүрөт. Анын ичинен Россияда 663 миңден ашык, Казакстанда 30 миңден жогору, Түштүк Кореяда 14 миң жана Түркияда 30 миң КР жараны бар.

Ал эми алыскы чет мамлекеттерде (Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Азия) 20 миңден ашык киши жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0