Кичирайондордо эмнеге ысык суу жок? Мекеменин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Михаил ДудинВид на утренний Бишкек
Вид на утренний Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги кичирайондордун тургундары бир-эки күндөн бери үйлөрдө ысык суу жок экенин социалдык тармакта жазып чыгышты.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 23-январда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда "Чыгыш" түтүгүндө көңдөйчө бар экени аныкталганын "Бишкекжылуулуктармактары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин шаардагы кичирайондордун тургундары үйлөрүндө ысык суу жок экенин айтып, социалдык тармактарга жазышкан болчу. Ал эми "Электр станциялары" мекемесинин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Бишкек ТЭЦи менен башка бардык объектилер кадимки режимде иштеп жатканын айткан.

"Көк-Жар кичирайонундагы 7-Апрель көчөсүндө түтүктөн көңдөйчө табылды. Аны оңдоо үчүн 24-январда жылуулук тармактары резервдеги түтүктөргө которулган", — деп айтылат маалыматта.

Канализация трубалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Скотчко күнү түшкөн канализация. Алтын-Ордо конушундагы көйгөй
"Бишкекжылуулуктармактары" ишканасынан маалымдашкандай, жылуулук түтүктөрү узун болгондуктан 24-январдын экинчи жарымында куурлардагы жылуулук төмөндөгөн. Андыктан 11, 12-кичирайондордо жана Көк-Жар, Асанбай аймагында ысык суу менен жылуулук болгон эмес. Ошондой эле 4, 5 жана 6-кичирайондордун айрым бөлүктөрүндө ысык суу менен жылуулук үзгүлтүккө учураган.

24-январдын кечинде түтүктөгү көңдөйчө жок кылынып, жылуулук берүү калыбына келтирилген. "Бишкекжылуулуктармактарынан" кабарлашкандай, 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги чыккан буу авария эмес.

"Ал көңдөйчөнү жоюу үчүн аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги түтүктөн ысык суу чыгарылып, ал аябай бууланган", — деп мекемеден маалымдашты.

Учурда жылуулук түтүктөрү кадимки режимде иштеп жатат. "Бишкекжылуулуктармактарынын" кызматкерлери кичирайондордогу үйлөрдү кыдырып текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0