06:40 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Ала-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери. Архив

Мэрия "Ала-Тоо" аянтына жол качан ачыларын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
167 0 0

Борбордук аянт футболчуларды тосуу салтанатынан улам жабылган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын тосуп алуу салтанатынан улам жабылган "Ала-Тоо" аянтына жол саат 18.00дө ачылат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Эскерте кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн Азия кубогунан команда бүгүн таңга маал учуп келген. Аэропорттон футболчуларды биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер, күйөрмандар тосуп алган.

Буга чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик саат 15.00дө курама команданын мүчөлөрүн тосуу аземи өтөрүн, ал ири концерт менен коштолорун билдирген. Мындан улам Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылган.

Ушу тапта Киев көчөсү мене Эркиндик бульварынын төмөн жагында унаа тыгыны күч болуп турат.

Тема боюнча

Бишкекте тыгынды азайтуу үчүн "акылдуу" жол чырактарды орнотуу пландалууда
Белгилер:
тыгын, жол, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ