Бекешев терезени караңгылатуудан түшкөн акчага футбол аянтча курууну сунуштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол аянты. Архив
Футбол аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекешев өкмөттөн бул боюнча так позициясын бир жуманын ичинде суранды.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев автоунаалардын терезесин караңгылатууну мыйзамдаштырып, ал үчүн 500 доллардан акы алып, аны жаңы футбол аянтчаларын курууга жумшоону сунуштады.

Бүгүн депутаттар күн тартибинде ар кандай маселелерди карап жатат.

Бекешев өкмөттөн бул боюнча так позициясын бир жуманын ичинде суранды. Анын айтымында, эгерде жылына 20 миң автоунаанын ээси терезесин караңгылатса, бир жылда 10 миллион сом түшөт.

"Ошол акчаны жөн эле республикалык бюджетке кетирбей, так максатын көрсөтсөк болот. Бизде азыр футбол өнүгүп жатат. Жаңы футбол аянтын ошого куралы, муну жарандар деле колдойт. Өкмөт адистерди чакырып, ушул боюнча так пикириңерди билдирсеңер. Макул болсоңор менде мыйзам долбоору даяр, аны кесиптештерим менен алып чыгам", — деди Бекешев.

Эл өкүлү кандай болгон күндө да футбол аянтчасын курууга акча табуу керектигин, Кыргызстан спорт жана маданият жактан дүйнөгө белгилүү боло аларын айтты. Андыктан бул тармакка моралдык эмес, материалдык колдоо болсо алдыга өсүп, өнүгөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0