Депутат: ипотекалык компаниянын шарты мугалимдер үчүн оор бойдон калууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан үйлөр. Архив
Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турускулов ипотекалык компаниянын коюмдары, пайызы канча болуп жатканын ЖМКлар аркылуу жакшылап түшүндүрүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов өкмөттүн төрт жыл мурда баштаган арзан турак жай программасы азыр жакшы жыйынтыгын бербей жатканын парламенттин жыйынында айтты.

Ушу тапта депутаттар ар кандай маселелерди карап жатышат.

"Тилекке каршы, бүгүн жыйынтык жок, аны ачык айтышыбыз керек. Бул программа бюджеттен айлык алган мугалимдер, дарыгерлер жана башкаларды арзан турак жай менен камсыз кылат дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Ипотекалык компаниядан маалымат алдым. 2017-жылы 1732 жаран камсыз болуптур, 2018-жылы 1362 киши компаниянын кызматынан пайдаланыптыр. Бул статистика менен карасак, мындай жол менен там-таштуу болом дегендердин саны азайып жатыптыр дегенди билдирет", — деди депутат.

Турускулов ипотекалык компаниянын коюмдары, пайызы канча болуп жатканын ЖМКлардан жакшылап түшүндүрүү керектигин айтты.

Курулуп жаткан турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека бюджеттен айлык албагандарга качан берилет?
Ал ошондой эле ипотекалык компаниянын шарты боюнча турак жай алам деген мугалимдин үч жылдык стажысы болушу керектигин кошумчалады.

"Азыр үч жыл иштеген мугалимдин айлыгы 3,5 миң сомдон ашпайт. 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалимдики 15 миң сомго чукул. Бирок ипотекалык компаниянын койгон шарты менен үч жыл иштеген мугалим аны дегеле төлөй албайт. 30 жыл иштеген мугалим да ала албайт. Мисалы, 2 миллион сомду 15 жылга берсе, шарт боюнча ай сайын 15 миң сомдон төлөшү керек экен", — деди эл өкүлү.

Андыктан өкмөт ушуну карап чыгып, коюмду азайтып, шартын жакшыртуу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0