Бишкектин соцкызматкерлери жаңы формалуу болушту. Сүрөт

Жазылуу
Бул кызматкерлер жалгыз бой жашаган 680 пенсионер менен майыпты тейлейт.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте 84 социалдык кызматкерге жаңы форма, бут кийим жана инвентарь берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

© пресс-служба мэрии города БишкекНовая форма соцработников Бишкека
Новая форма соцработников Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Новая форма соцработников Бишкека

Жумушчулар мезгилге жараша кийилчү куртка, кышкы, жазгы-күзгү жана бөлмөдө кие турчу бут кийим, кол кап, мээлей, сумка, сүлгү, ысык тамак жеткирүүчү идиш, сфигмоманометр (кан басым өлчөөчү жабдуу) жана аптечка менен камсыз болушту.

Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган 680 пенсионер менен майып адамдарга жардам беришет. Алардын милдетине муктаждарга тамак-аш, дары-дармек алып келип берүү жана доктур чакыруу кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0