Акчамды кимге ишенем? ОСАГО полисин берген компанияларга кимдер ээлик кылат

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүТыйын жана унаа ачкычы. Архив
Тыйын жана унаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ОСАГО мыйзамы толгон-токой суроолорду жаратты. Алардын бири — унааны камсыздандыруу үчүн акчаны кайсы компанияга ишенип берүүгө болот?

Өлкөдө жалпы 16 камсыздандыруу компаниясы бар. Азырынча ОСАГО тутуму менен иштешүүгө 9 компания киришип жатат. Алар мыйзам күчүнө киргенден кийин гана тийиштүү документтерди тапшырып, андан соң лицензия алышат.

Камсыздандыруу полисинин базалык тарифи 1680 сомду түзөт. Бирок иш жүзүндө айдоочунун жаш курагына, тажрыйбасына, унаасынын көлөмүнө жана жол кырсыктарынын санына карап эсептелмекчи.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги ОСАГО полисин берүүгө ниеттенген Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялары жөнүндө маанилүү маалыматтарды топтоду.

Автоунаанын ачкычы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полисинин эң жогорку баасы айтылды
Ишканалар тууралуу материалдар Юстиция министрлигинен алынды. Ал эми алардын бюджетке төлөгөн каражаты боюнча "Ачык бюджет" порталында жазылган. Аталган сайттын ишин жөнгө салып турган "Инфо-система" мекемесинен билдиришкендей, порталга ишканалардын мамлекетке төлөгөн айрым төлөмдөрү киргизилбейт.

Баса, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну 2021-жылдын 7-февралына чейин жылдырууну демилгелеп, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы

Ишкана 2015-жылдын 28-декабрында түзүлгөн. 100 пайыз Мамлекеттик мүлк фондуна тиешелүү. Төрайымы — Жумагүл Эгембердиева. Былтыр мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң сом төккөн. Өлкөнүн бардык региондорунда филиалдары бар.

"Ингосстрах" ("Кыргызинстрах") камсыздандыруу компаниясы

ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полисин канчадан, кантип, кайдан алыш керек? 10 суроого жооп
Өзүнүн расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, россиялык "Ингосстрах" компаниясы менен биргеликте иштеген кыргызстандык юридикалык тарап. Мындан тышкары, "ИНГО" эл аралык камсыздандыруу тобунун мүчөсү. Учурда бул топко "Ингосстрах" (Россия), "ИНГО-Өзбекстан" (Өзбекстан), "Ингосстрах" (Белоруссия), "ИНГО Армения" (Армения) сыяктуу 12 компания кирет. Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштейт. Учурда аны Динара Тезекбаева жетектейт. Былтыр бюджетке 20 миллион 290 миң сом салым кошкон. Бишкек жана Ош шаарларында кеңселери бар.

"Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы

1991-жылы негизделген, жетекчиси — Мария Аденова. Сайтындагы маалыматка караганда, Кыргыз ССРинин мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын мураскери болуп эсептелет. 2018-жылы бюджетке 6 миллион 294 миң сом төлөгөн. Бишкек, Талас, Нарын жана Ош шаарларында филиалдары бар.

"Аманат полис" камсыздандыруу компаниясы

Камсыздандыруу рыногуна чыкканына сегиз жыл болду. Жетекчиси — Азамат Жумашов. Ишкананы "АФИНА ПЛЮС" ЖЧКсы негиздеген. Ага Акун Жээмуратов жана Бакыт Шадыева аттуу жарандар ээлик кылат. Бул компания мурдагы жылдары он миңдеген сом салык төлөп келсе, 2018-жылы эмнегедир 1 407 сом гана төлөгөн. Бишкек шаарынан башка жерде кеңсеси жок.

"Арсеналъ-Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы

Выдача полисов ОСАГО в Омске - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби
Сайтында россиялык "АРСЕНАЛЪ-КАПИТАЛ" ишканасы менен бир акционерлер кеңешине кирери көрсөтүлгөн. Азыркы жетекчиси — Элмира Сейдахметова. 2013-жылы иштей баштаган. 2018-жылы бюджетке 828 миң сом төккөн. Бишкектен башка жерде филиал ачкан эмес.

"АТН полис" камсыздандыруу компаниясы

Түзүлгөнүнө быйыл 17 жыл болуптур. Учурда Нурлан Сулайманов жетектейт. Былтыр мамлекеттик бюджетке 4 миллион 822 сом төлөгөн. Сайтындагы маалыматка караганда, ALLIANZ, Lloyd"s of London, AXA, Dubai Starr жана СОГАЗ сыяктуу чет элдик ишканалар менен кызматташат. Бишкек жана Ош шаарларында филиалдары бар.

"Алма-Иншуренс" камсыздандыруу компаниясы

"Алма-Иншуренс" 2015-жылдын сентябрь айында иштей баштаган. Жетекчиси — Александр Кравченко. Бишкектен башка жерде кеңсеси жок. 2018-жылы бюджетке 660 миң сом төккөн.

"НСК" камсыздандыруу компаниясы

Ишмердүүлүгүн 2007-жылы баштаган. Жетекчиси — Энвер Хавазов, негиздөөчү — Максат Альжанов. Былтыр бюджетке 2 миллион 268 миң сом төккөн. Бишкектен башка аймактарда филиалы жок.

"Аю гарант" камсыздандыруу компаниясы

Осаго полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО тутуму кантип иштейт? Мамфинкөзөмөлдүн түшүндүрмөсү
Көп тармактуу "АЮ Холдинг" ишканасынын бир бөлүгү. Камсыздандыруу боюнча кызматтарын 2012-жылдын 27-декабрынан тарта көрсөтө баштаган. Былтыр бюджетке 4 миллион 509 миң сом төлөгөн. Жетекчиси — Санжар Давлеталиев. Бул компаниянын кызматын Бишкек, Ош жана Талас шаарларынын тургундары колдоно алат.

ОСАГО боюнча иштөөгө азырынча ушул компаниялар ниет кылууда. Тизме уланышы мүмкүн.

Sputnik агенттиги даярдаган материалдан аталган компаниялардын дареги жана байланыш телефондорун дагы таба аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0