Сурабалдиева: милиционер өзү мас болуп жүрсө, аларга кантип унаа беребиз

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-январда түнү Бишкекте милиционер мас абалында унаа айдап баратып экинчи машина менен кагышып, бир келин каза болгон.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ички иштер министринин кызматкери өзү мас абалында автоунаа башкарып жол кырсыгына кабылып жатса, анда аларга ким ишенет? Мындай суроону депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиевге узатты.

Бир аялдын өмүрүн алган жол инспектору мас болчу. ШИИБ түшүндүрмөсү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бир аялдын өмүрүн алган жол инспектору мас болчу. ШИИБ түшүндүрмөсү видеодо
Эскерте кетсек, каргаша 21-январда түнкү саат 00:35тер чамаларында Бишкекте болуп, анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz кагышкан. Биринчи унаадагы айдоочу Октябрь РИИБинин 27 жаштагы аймактык тескөөчүсү болуп чыккан. Кырсык кесепетинен экинчи унаадагы келин ошол жерден көз жумса, жаракат алган инспектор ооруканага жеткирилген.

"Мас болуп автоунаа айдап баратып кырсыккка кабылып, анын кесепетинен бир аял каза болду. Ушундай учурдан кийин силерге ишенип, кантип унаа беребиз? Ага кошумча, силерге транспортко мамлекеттен канча каражат бөлүнөрүн эч ким билбейт", — деди Сурабалдиева.

Депутат Эреже бузуулар боюнча кодекстин 126-беренесинде өтө зарыл болгон учурда ички иштер орган кызматкерлерине, УКМК жана медицина кызматкерине унаасын бербеген жаран жазага тартыларын белгиледи.

Ал эми министр мыйзамда рулда отурган адам милиционер деп бөлүнбөй турганын айтып, айдоочу катары жазаланарын билдирди.

Учурда баштапкы тергөө башталып, кылмыш иши козголгон. Андан тышкары, милиция кызматкерин камакка алуу сунушу киргизилип, ооруканага күзөт коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0