Баткен облусунда биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер 120 бейтапты кароодон өткөргөн. Алардын 40ы чоң кишилер болсо, 80и — балдар.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Баткен облусунун Исфана шаарында биринчи жолу канды жасалма айлантуу ыкмасы менен жүрөк кемтигине операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, илим-изилдөө институтунун кызматкерлери 120 бейтапты кароодон өткөргөн. Алардын 40ы чоң кишилер болсо, 80и — балдар.

Жакынкы арада Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун кызматкерлери өлкөнүн башка аймактарында жүрөккө операция жасоону пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0