WhatsApp бир эле катты көп адамга жөнөтүүгө чектөө киргизди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин колдонуучулар бир эле катты 20 адамга же группага бөлүшө алса, эми мындай мүмкүнчүлүк кыйла чектелет.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. WhatsApp тиркемеси фейктер менен күрөшүү максатында бир эле катты бештен ашык адамга бөлүшүүгө мүмкүн болбой турган системаны ишке ашырганы жатат. Бул тууралуу Reuters WhatsApp каналынын вице-президенти Виктория Грэндге шилтеме берип кабарлады.

Мессенджер WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp тиркемесинин кайсы телефон аппараттардан ачылбай калары айтылды
Reuters жазганына караганда, Индиядагы айылдардын биринде балдар уурдалып жатканы боюнча жалган маалыматтар тарап кеткенине байланыштуу, тиркеме ушундай чектөө киргизгени жатат. Спам-жаңылыктын кесепетинен жергиликтүү тургундар жарманкеге келген беш туристти сабап өлтүргөн.

Буга чейин колдонуучулар бир эле катты 20 адамга же группага бөлүшө алса, эми мындай мүмкүнчүлүк кыйла чектелет.

Опция бүгүнтөн баштап Android системасында иштеп баштайт. Кийинчерээк iOS системасына дагы жайылтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0