Ошто жер силкинди

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жер силкинүүдөн эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ош облусунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы 6 баллдык жер титирөө Кыргызстанда да сезилди
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү саат 15:15те болгон.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында үч баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0