Шашылыш билдирүү: Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн

© AFP / ALEXANDER KLEINКар түшкөн тоо. Архив
Кар түшкөн тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ жолдорго муз тоңуп тайгак болорун жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. 21-январдан 23-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Зима в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Алдыда кар жаайбы? Бир аптага карата аба ырайына божомол
Ошондой эле Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн.

Андан сырткары, ӨКМ жолдорго муз тоңуп тайгак болорун жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0