Чүй облусунда туристтик кайрымдуулук фестивалы уюштурулат

Жазылуу
Иш-чарадан түшкөн каражат ондогон медициналык жана социалдык мекемелерге берилет.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусунда туристтик кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Карылар менен кароосуз калгандарга кол кабыш кылган милиционер. Видео - Sputnik Кыргызстан
Карылар менен кароосуз калгандарга кол кабыш кылган милиционер. Видео
Билдирүүгө ылайык, "Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү" аталышындагы фестиваль 2-февраль күнү "ЗиЛ" тоо лыжа базасында өтөт.

Бир катар мамлекеттик мекемелер менен коомдук уюмдар уюштурган иш-чарада түрдүү мелдеш, сынак, аукциондор болот. Билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Бишкек, Ош шаарлары менен Ысык-Көл, Чүй облусундагы ондогон медициналык жана социалдык мекемелерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0