Бала стоматологго баруудан коркуп жатса эмне кылуу керек? Адистин жообу

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүСтоматолог иш учурунда. Архив
Стоматолог иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог билдиргендей, ата-эне эч качан балдарын "дарыгерге алып барам" деп коркутпашы керек.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Балдардын психикасына аяр мамиле жасап, аларга күч колдонбош керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине психолог Ильдар Акбутин билдирди.

Анын айтымында, азыркы заманбап клиникаларда балдар менен тил табыша алган, алардын коркуу сезимин баcаңдатууга жардам берген адистер бар.

"Стоматологго алгачкы жолу баруу жөн эле таанышуу же чогуу ойноо болушу мүмкүн. Тажрыйбалуу дарыгер тишти колдон келишинче тез жана оорутпай дарылап, анын психологиясына аяр мамиле жасайт. Бала менен тил табышууга аракет кылып, ага күч колдонуудан алыс болот", — деди Акбутин.

Адистин пикиринде, ошондо гана бала туура жыйынтык чыгарып, коркуу сезиминен арылат.

Акбутин билдиргендей, ата-эне эч качан балдарын "дарыгерге алып барам" деп коркутпашы керек.

Ооруканадагы наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасы үч жашар уулун дубалга жабыштыра чапты. Дарыгердин күйгөнү эмне?
"Стоматологдон балдар гана эмес, чоң кишилер да коркот… Эгер баланын жакындары аны стоматологго кыйнап алып барса, бала "менин сезимдерим ата-энем үчүн маанилүү эмес экен" деп ойлоп калышы мүмкүн. Кичинекейлер стоматолог ага жардам берүү үчүн келгендигин түшүнбөйт. Ал болгону ак халатчандар анын жанын сыздатарын билет", — деди психолог.

Ал ошондой эле бала ага дарыгердин жардамы керек экенин өзү сезиши керектигин белгиледи. Бул үчүн баланын тиши ооруганда ага стоматолог гана жардам бере аларын түшүндүрүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0