Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында биринчи аялына батынып бара албай жүргөн эркектин каты жарыяланды.

Өткөн ишке өкүнүп жүргөн кезим…

Жашым 45ке таяп калды. 24 жашымда шаардык кызга ашык болуп, экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал кезде келинчегим 19 жашта болчу. Шаарда өсүп-чоңойгон менен айылда калабыз десем макул болуп, элеттин турмушун бат эле өздөштүрүп кетти. Дос-тааныштарымдын баары экөөбүзгө суктана берчү. 9 жыл жашадык. Бирок балалуу боло алган жокпуз.

Обильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ата-энем оокаттуу жерге бар деп кыйнап... Бойго жеткен кыздын баяны
Ортодо бала болбосо, майда-барат нерсе үчүн уруш-талаш чыга берет экен. Анын үстүнө апам каардуу киши болчу. Мага көрсөтүп-көрсөтпөй бир топ эле жаман мамиле жасачу экен. Ошентип болор-болбос турмуштук жагдайлардан улам келинчегим кетип калды.

"Кетсе келет, кайда бармак эле" деп ата-энемдин тилине кирип артынан барбай койгом. Намыстандым, кайдыгер мамиле кылып коюптурмун… Бирок анын эмне кылып, кандай жашап жатканын дос-тааныштар аркылуу билип турчумун.

19 жашында күйөөгө кеткени менен келин кезинде шаардан окуусун бүтүргөн. Өз кесиби боюнча жакшы жумушка орношконун уктум.

Убакыт өткөн соң башка аялга баш коштум. Бирок аны менен да жолум болгон жок, ал дагы төрөй албай ажырашып кеттик.

Азыр болсо оюман биринчи келинчегим кетпейт, өткөн ишке өкүнөм, ата-энемди күнөөлөйм. Бирок батынып бара албай жүрөм. Ошондо бирөө мага туура кеңешин бергенде мындай кырдаал жаралбайт беле? Эмичи? Ал катамды оңдой аламбы?

Парк Зарядье в Москве - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөмө айтсамбы же?.. Кызы бар экенин 15 жылдан кийин билген кишинин баяны
Азыр мурдагыдан дагы жакшы жумушта иштеп жатыптыр. Турмушка чыкпаптыр. Акча таап калганда артыман келди деп айтпасын деп барбай жүрөм. Азыр барып кечирим сурасам, кечиреби? Барганым туурабы же жаңы баштаган жашоосуна аралашпай эле койгонум дуруспу?

Барган күндө дагы ал мени кабыл албай койсочу? Суроолорума жооп таба албай кыйналдым…

Психолог Асел Сүйүнбаеванын жообу:

Адамга өмүр бир эле берилет эмеспи. Ал өмүрдү туура жашап, эч кимге залакаңды тийгизбей, бактылуу болуп жашоого далалат кылуу керек. Жалгыз өзүн эмес, башкаларды да бактылуу кылып жашаганга эмне жетсин. Айрыкча эркектер бирөөнүн кызын бактылуу кылам деп сөз берип алгандан кийин айткан сөзгө туруш керек.

Кечиримдүүлүк эң жакшы сапат. Кайрылган киши "барсамбы" же "барбасамбы" деп ойлонуп отура бербей, чыгынып барышы керек. 45ке чыккычакты эле аялынын артынан барышы зарыл болчу, бирок азыр деле кеч эмес. Балким, биринчи жубайы деле "качандыр бир кезде келер" деп күтүп жаткандыр…

Андай болбой калышы да ыктымал, жашоосунда жаңы адам пайда болуп, күтпөй деле калышы мүмкүн. Бирок кандай болгон учурда да, кабыл алса да, албаса да бир барып көрүшү керек.

Кучакташып турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш келинге арзып калдым окшойт... Бүлөлүү эркектин баяны
Жөн гана ал-абалын сурап барып учурашып келсин. Жолугууга мүмкүн болуп калса, сезимдерин айтып, кечирим сураганга да даяр болсун.

Жок дегенде 45 жашка чыкканда чечкиндүү болуп, ата-апасы жок өзү чечим кабыл алышы керек да.

Коркуп же намыстанып отура бергенден маселе чечилбейт. Жолугуп, сүйлөшүүдө баары ачыкталат. Аялы аны менен жашагысы келген-келбегени, ага болгон сезимдери ошол жолугушууда эле билинет. Дароо эле "кайрадан турмуш баштайлы" деп эмес, жөн гана ал-абалын сураш үчүн барганы дурус.

Негизи эле бала ата-энени сыйлаш керек, бирок аларга өтө эле көз каранды болгону туура эмес. Аялы менен ата-эне эмес, өзү жашайт. Кандай болгон күндө да эгер аялын жакшы көрсө, аны менен жашай аларына көзү жетсе, ата-энени деле көндүрсө болот. Убагында барбай койгону үчүн бул кишинин ата-энеси эмес, өзү күнөөлүү. Чечкиндүү болсо, аларды алдап-сооласа да алып келмек да келинди. Ошондой эле үйдө эркек киши, атасы активдүү болбосо, көпчүлүк балдар апасынын баласы болуп калышат.

Кайрылган кишиге кеңеш: ойлонуп отура бербей, бүгүн, азыр чыгынып барыңыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0