БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 27-январь — эл аралык интернетсиз күнү Ысык-Көлдө көчмөндөрдүн кышкы оюндары боюнча "Чаңгы Жаа" фестивалы өтөт. Бул тууралуу "Ысык-Көл тескей жээк" дестинациясынан билдиришти.
Фестивалдын максаты — байыркы көчмөн маданиятынын кайра жаралуусуна өбөлгө түзүп, күнүмдүк турмушка ыңгайлуу улуттук оюндарды жайылтуу.
Программа боюнча лыжа тээп бара жатып жаа атуу, талпакта муз тебүү сыяктуу таймаштар болот.
Иш-чара Бөкөнбаев айылынан 37 чакырым алыстыкта жайгашкан "Чуңкур-Булак" жайлоосунда өтөт.