Air Manas эртеңки айрым каттамдарын токтотту

Жазылуу
Аталган компания жума күнкү учууларын аткарган эмес.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Air Manas 19-январь күнкү каттамдарынын теңин токтотту. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун сайтында жарыяланды. 

18-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынан Ошко аткарыла турган каттам жарым саат калганда токтотулду. - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Ошко уча албай калгандар нааразы болду. Компания себебин түшүндүрдү
Эске салсак, бүгүн, 18-январь күнү аталган компаниянын саат 7.55те Бишкек — Ош маршруту менен аткарыла турган каттамы ишке ашкан эмес. Анда компаниянын маалымат кызматы “техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учпай калганын, бирок көйгөй жоюлуп жатканын” айткан. 

Ал эми аэропорттун сайтында аталган авиакомпаниянын эртең Бишкектен Ошко саат 7.55 жана 12.00дөгү, ал эми Оштон Бишкекке 9.50 жана 13.50дөгү учуулары токтотулганы көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн өз кардарларынан кечирим сурап, билеттин акчасын кайтарып алса боорун эскертишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0