13:04 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Сот залындагы Фемида айкели. Архив

Эми бардык ишти райондук сот чечеби? Жаңы мыйзамдардын эмне артыкчылыгы бар

© Sputnik / Владимир Астапкович
Коом
Кыскача шилтеме алуу
598 0 0

Кабыл алынган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилеби? Айып пулдар эмнеликтен мындай жогору? Суроолорго ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Бегалидин Пирманов жана Кылмыш процессуалдык кодексин иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, КУУнун юридикалык факультетинин деканы Канатбек Сманалиев жооп берди.

Жаңы кодекстер өлкөдө жүрүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдар болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, мурдагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген жок. Толугу менен кайрадан иштелип чыккан, жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Алар эки багытка бөлүнгөн. Биринчиси — жарандык тартиптеги мыйзамдар, экинчиси — кылмыш-укуктук багыттагы мыйзамдар. Экинчисине беш мыйзам кирет: Кылмыш-жаза кодекси (УК), Жазык процессуалдык кодекси (УПК), Жоруктар жөнүндөгү кодекс (Кодекс о проступках), Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс (Кодекс о нарушениях), Жаза аткаруу кодекси (УИК). Бул мыйзамдардын баары 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.

Начальник учебно-методического отдела Контрольно-методического управления Следственной службы МВД КР полковник милиции Бегалидин Пирманов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Бегалидин Пирманов

— Мырзалар, жаңы мыйзамдарды кабыл алуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Алардын эски кодекстерден айырмасы эмнеде?

Бегалидин Пирманов: — Бул убакыттын талабы болду. Мындай электрондук форматка көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Казакстан да жакында өттү. Биз эл аралык талаптарга жооп берүү үчүн эски мыйзамдар менен отура бербей, заманга шайкеш келген эрежелерди киргизишибиз керек болчу. Бул мыйзамдардын мурдагылардан чоң айырмачылыгы — гуманизмге басым жасагандыгында. Ага бир топ мисалдар бар. Айта кетсем, ошол эле мурда кылмыш катары эсептелген денесине жеңил залал келтирүү, уруп-сабоо, үй-бүлөлүк зомбулук, майда уурулук сыяктуу укук бузуулар эми кылмыш эмес, Жоруктар кодексинин ченеминде каралып, жоопко тартылган адам эркинен ажыратылбайт. Ошону менен катар эле мурда өспүрүмдөр арасында болгон кылмыштарда 14 жашынан баштап эркинен ажыратуу каралса, эми 16 жаштан гана темир торго киргизилет. Эгер жасаган укук бузуусу жорук эмес, кылмышка кирсе гана 14 жашынан камалышы мүмкүн.

Дагы бир мисал, айдоочу кызыл жарыктан өтүп кетсе, Эреже бузуу кодексине кирет. Кызыл жарыктан өтүп кишини сүзүп, ал киши жеңил жаракат алса, Жоруктар кодексинин алкагында жооп берет. Ал эми кишини өлтүрө сүзүп кетсе, кылмыш болуп эсептелет. Мурдагы мыйзамдар боюнча киши жеңил жаракат алса да кылмыш деп айыпталып, айдоочу камалып кетүүсү мүмкүн эле.

Канатбек Сманалиев: — Коомчулук дайыма кыймылда, алдыга умтулуп турат. Буга чейин биз мурдагы Совет доорундагы мыйзамдар анчейин деле өзгөрбөгөн өлкөдө жашап келгенбиз. Мезгилдин өтүшү менен ал эрежелер күндөн-күнгө эскирип жатканын өзүбүз деле көрүп турчубуз. Мына ушундай учурда чоң секирик жасап, гумандуу мыйзамдарды ишке киргизүү учур талабы эле. Мисалы, кылмыштарга байланышкан кодекстерди алып карай турган болсок, биз буга чейин 1997-жылы кабыл алынган мыйзамдар менен жашап келдик. Анда адам 500 сомдук уюлдук телефонду уурдап кетсе да эркинен ажыратылып, камалып кетчү. Эми жаңы мыйзамда мындай оор эмес кылмыштар Кылмыш-жаза кодексине эмес, Жоруктар жөнүндө кодекске кирип калды. Мына ушундай айрым мыйзамдар гумандашып, өзгөрдү. Башкача айтканда, биз коомдун гумандуу болуусун кааласак, мыйзамдарыбыз ошого жараша болушу шарт.

Руководитель рабочей группы по разработке кодексов о проступках и нарушениях, декан юридического факультета КНУ Канатбек Сманалиев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кылмыш процессуалдык кодексин иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, КУУнун юридикалык факультетинин деканы Канатбек Сманалие

— Киргизилген мыйзамдардан Жоруктар жөнүндөгү жаңы кодекске күбө болуудабыз. Ал кандай кылмыш түрлөрүнө багытталган?

Б.П.: — Мурда "кылмыш" деген гана түшүнүк бар эле, кылмыштын бардык элементтери ушул кодекстин негизинде каралчу. Мындан сырткары, Административдик жоопкерчилик деген кодекс бар болчу. Бирок андан да айрым кылмыштын белгилери камтылган укук бузууларды учуратууга мүмкүн эле. Мисалы, майда уурулук, уруп-сабоо, денеге жеңил залал келтирүү, үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу. Булар негизинен кылмыш болгону менен Административдик кодекске киргизилип калган. Мына ушул кылмыштын майда белгилери бар административдик укук бузуулар Жоруктар кодексине өттү дагы, андан да жеңилдери Эреже бузуулар кодексине киргизилди. Булар эркинен ажыратуу аркылуу эмес, эскертүү, айып пул аркылуу жазаланат.

Жоруктар кодексинде укук бузуулар сегиз категорияга бөлүнөт. Айрымдарына алгач эскертүү берилип, ал бирдиктүү реестрге катталат. Ошол эле адам тарабынан экинчи ирет да ушундай эле укук бузуу болсо, айып салынат. Ал эми кээ бирөөлөрүнө дароо айып пул салуу каралган. Бирдиктүү реестр Башкы прокуратуранын козөмөлүндө болуп, тиешелүү мекемелердин андан маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар.

— Сот реформасынын алкагында жүрүп жаткан соң сотко элдин ишенимин кайтаруу, бул тармакта коррупцияны жоюу максатында жаңы мыйзамдарга эмнелер кирди?

Б.П.: — Мурда соттук көзөмөлдү ишти караган судья өзү эле жүргүзчү. Жаңы мыйзамдар боюнча тергөө судьясы деген институт ачылган. Буга чейин шектүүнүн кармалышынын мыйзамдуулугун текшерип, аны мыйзамдуу деп тапкан сот кайра эле ошол ишти өзү карачу. Бул жерде коррупцияга түздөн-түз жол ачылып жатпайбы. Судья менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүү, жеке кызыкчылыктарга мүмкүнчүлүктөр бар эле. Эми болсо соттук процесске чейинки өндүрүштү толугу менен тергөө судьясы жүргүзөт. Мындан сырткары, Кылмыш-жаза кодексин ала турган болсок, мурда соттордун кароосуна калтырылган мөөнөт абдан көп болчу. Мисалы, кээ бир оор кылмыштарга соттун кароосу менен жаза 10 жылдан 20 жылга чейин бериле берчү. Бул да коррупцияга кенен жол ачкан элемент эле. Бирдей кылмыш жасаган эки адамдын бири 10 жыл, экинчиси 20 жылга эркинен ажырап кала берчү. Азыр соттун кароосуна болгону 2,5 жыл калды.

Ошондой эле мурда жарандар райондук сотко кайрылып, соттун чечими менен макул болбосо апелляциялык, кассациялык, көзөмөлдүк (надзор) негизде Жогорку сотко жетчү. Жогорку сот күбөлөрдү чакырып, далилдерди териштирип маселе чечилчү. Азыркы мыйзамдарга ылайык, Жогорку сот ишти көзөмөлдөп, териштирип отурбайт, муну менен райондук сот алектенет. Тагыраак айтканда, маселенин баары элге жакын болгон райондук сотто чечилет. Ал эми Жогорку сотко апелляциялык негизде соттук иш келсе, мурдагыдай иштин өзүн эмес, ылдыйкы судьялардын чечим кабыл алууда мыйзамды туура колдонгондугун гана карайт. Башкача айтканда, судьялардын туура же туура эмес чечим кабыл алганын аныктайт.

— Айып пулдардын өлчөмү кайдан алынган? Эмненин негизинде коюлган?

Б.П.: — Мурда айып пулдар иретсиз салынып келген. Мисалы, Кылмыш кодексине кирген айрым укук бузууларга 10 миң, 20 миң сомдун тегерегинде салынса, башка бир оор эмес административдик укук бузууларга 100 миңдеген сомдун өлчөмүндө айып каралып калчу. Азыр Эреже бузуу кодексинде айып пулдун суммасы 1000 сомдон 17 500 сомго чейин болсо, Жоруктар кодексинин эң аз айып пулу Эреже бузуу кодексинин эң жогорку айып пулуна барабар болот. Ал эми Жоруктарга салынган айып пулдун эң көп өлчөмү кылмыштык укук бузуулардагы эң аз айып пулду түзөт. Коомчулукта айып пулдар туура эмес салынды деген кептер айтылууда. Эгер мыйзамдар менен тааныша келсек, бул тескерисинче иретке келди. Мисалы, мурда мас абалында автоунаа айдаган айдоочуга салынган айып пулдун өлчөмү 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин жетчү. Азыр бул көрүнүш 17 500 сом деп белгиленди. Башкача айтканда, айып пулдар жалпысынан мурдагыдан өтө деле айырмаланбайт.

— Ал эми түкүрүүгө 5500 сом айып пул кайдан келип чыккан? Бул боюнча өлкө башчысы, өкмөт башчысы да кайрадан карап чыгуу керектигин айтышты эле. Жаңы кабыл алынган мыйзамдардын кайра каралуусу качанкыга белгиленди?

Б.П.: — Бул мыйзамдар жазылып жаткан учурда "Ыйман" фондусу тарабынан "Түкүрбө" деген акция уюштурулуп, эл кызуу колдоого алган. Көчөдө түкүрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарына да айтылып, элдин сунушу катары мыйзам кабыл алынган. Айып пулдун өлчөмү так эмненин негизинде алынганын мен айта албайм, бирок көйгөй курч үчүн аны жоюу жолдорун тездетүү үчүн аталган мыйзам кабыл алынды.

К.С: — Бул кодекстерге мораторий киргизилген. Ушул жылдын май айына чейин эч кандай өзгөртүүлөр каралбайт. Анткени мыйзам боюнча кандай гана кодексттер кабыл алынбасын, алар алгач тажрыйба жүзүндө иштеп көрүп, ошонун жыйынтыгында гана кемчилик, артыкчылыктары айтылып, өзгөртүүлөр сунушталат. Андыктан 2019-жылдын май айына чейин эч бир кодекске түзөтүү, өзгөртүү киргизе албайбыз.

Тема боюнча

Султанов: эми күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт
Пирманов: түкүрүүгө каршы акцияны эл убагында колдогон
Белгилер:
айып пул, жарандык кодекс, Бегалдин Пирманов, Канатбек Сманалиев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ