Журналисттер Бишкек милициясынын имаратынын алдына митингге чыкты

© Sputnik / Нурис АлымбаевБишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды
Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери бир журналистти кармап кеткен.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

© Sputnik / Нурис АлымбаевБишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды
Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды
© Sputnik / Нурис АлымбаевМаалыматка караганда, журналисттер 17-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери тарабынан Super.kg басылмасынын өкүлүнүн кармалышына нааразы болууда
Маалыматка караганда, журналисттер 17-январь күнү Ала-Тоо аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери тарабынан Super.kg басылмасынын өкүлүнүн кармалышына нааразы болууда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматка караганда, журналисттер 17-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери тарабынан Super.kg басылмасынын өкүлүнүн кармалышына нааразы болууда
© Sputnik / Нурис АлымбаевЖурналисттер менен Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев жолугуп, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш бере кетти.
Журналисттер менен Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев жолугуп, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш бере кетти. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Журналисттер менен Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев жолугуп, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш бере кетти.
1/3
Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды
2/3
Маалыматка караганда, журналисттер 17-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери тарабынан Super.kg басылмасынын өкүлүнүн кармалышына нааразы болууда
3/3
Журналисттер менен Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев жолугуп, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш бере кетти.

Маалыматка караганда, журналисттер 17-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери тарабынан Next TV басылмасынын өкүлүнүн кармалышына нааразы болууда.

"Аталган порталдын журналисттери кесиптешин милиционерлер кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай кармап кеткенин айтышууда", — деди кабарчы.

Журналисттер менен Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев жолугуп, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш бере кетти.

"Журналист митингдин катышуучуларындай эле элдин арасында уюлдук телефондун камерасына видео тартып жүргөн. Биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн автобуска салгандан кийин гана кызматтык күбөлүгүн көрсөттү", — деди Атантаев.

Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кармалган митингчилер 3 миң сомдон айып пул төлөшөт
Мындан тышкары, шаардын башкы милиционери ЖМК өкүлдөрүнө митинг маалында жанына кызматтык күбөлүгүн алып жана атайын "Пресса" деген жазуусу бар жилет кийип жүрүүгө чакырды.

Кармалган журналистти Биринчи Май райондук милициясына алып барып, аты-жөнү такталгандан кийин кое беришкен.

Эске салсак, 17-январь күнү Бишкектеги борбордук аянтка 300гө чукул адам митингге чыккан. Алар кытай жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы болушкан.

Түштөн кийин да тарабаган элди жолду тосууга аракет кылды деген жүйө менен милиция кызматкерлери Киев көчөсүнө чейин сүрүп барып, 30дайын кармап автобустарга салып кетишкен. Саат 16.00гө чукул митингчилер тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0