Бишкекте кармалган митингчилер 3 миң сомдон айып пул төлөшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциясына катышкан 21 адам милицияга жеткирилген.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бүгүн, 17-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг учурунда кармалгандардын ар бирине үч миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Нааразылык акциясы саат 10.00дө башталган. Алгач 50дөй киши чогулуп, андан кийин элдин саны 250-300гө чамалап барды.

ИИМдин маалыматы боюнча, митинг саат 13.00дө жыйынтыкталышы керек болчу.

"Бирок саат 15.00дө айрымдар коомдук тартипти бузууга аракет кылды. Кээ бирлери жолду тосууга камынышты", — деп ИИМден билдиришти.

Натыйжада милицияга 21 адам жеткирилген.

Айыпка жыгылгандар бир айдын ичинде төлөп кутулуулары керек. Эгер талап аткарылбаса туум кошулуп, материалдар сотко жөнөтүлөт.

Учурда кармалгандардын бардыгы кое берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0