"Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилер тарады. Сүрөт

© Sputnik / Максат ЭлебесовБишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразылык акциясына чыккандар бир топ талаптарды коюшту.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады.

© Sputnik / Максат ЭлебесовБишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады
© Sputnik / Максат ЭлебесовМитингчилерге Тышкы иштер министрлигинин, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, элдин суроолоруна жооп берди.
Митингчилерге Тышкы иштер министрлигинин, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, элдин суроолоруна жооп берди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Митингчилерге Тышкы иштер министрлигинин, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, элдин суроолоруна жооп берди.
1/2
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады
2/2
Митингчилерге Тышкы иштер министрлигинин, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, элдин суроолоруна жооп берди.

Эскерте кетсек, нааразылык акциясы бүгүн, 17-январь күнү, саат 10.00дө башталган. Алгач 50дөй киши чогулуп, андан кийин элдин саны 250-300гө чамалап барды. Акцияга өткөрүүгө уруксат алгандар митинг саат 13.00гө чейин созуларын айтышты.

Митинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер милиционерлер менен жулкулдаша кетти
Негизинен кытайлык жарандардын Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүсүнө тыюу салуу талабынан тышкары Эреже бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө каралган айып пулдун көлөмүн азайтуу, маршруттук такси айдоочуларынын укугун коргоо сыяктуу талаптарды коюшту.

Митингчилерге Тышкы иштер министрлигинин, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, элдин суроолоруна жооп берди.

Ал эми шайланган өкүлдөр Жогорку Кеңешке кирип, аларды вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алды.

Түштөн кийин да тарабаган элди жолду тосууга аракет кылды деген жүйө менен милиция кызматкерлери Киев көчөсүнө чейин сүрүп барып, 30дайын кармап автобустарга салып кетти. Саат 16.00гө чукул митингчилер тарады.

Жаңылыктар түрмөгү
0