БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бир катар айылдары таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу "Ас-салам" коомдук фондусунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул ирет Чүй облусунун бир жана Жалал-Абаддын үч айылына таза суу чыгарылган.
Январь айында ичүүчү суу менен камсыз болгон айылдар:
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-жер айылы;
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айылы өкмөтүнө караштуу 1500 адам жашаган Совет-Сай айылы;
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чаткал айыл аймагынын 4000 (төрт миң) киши жашаган Шекафтар айылы;
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу 6000 адам отурукташкан Толук айыл аймагы.
Эске салсак, аталган фонд буга чейин көп балалуу жалгыз бой аялдарга там салып, музоолуу уй берип келген.