Мэр Суракматов Жаңы жылга мыкты даярдангандарды сыйлады

© пресс-служба мэрии города БишкекНаграждение победителей конкурса на лучшее новогоднее оформление в Бишкеке
Награждение победителей конкурса на лучшее новогоднее оформление в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, сыйлоо аземи бүгүн, 16-январда, болду. Мэр жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлык тапшырган.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэри Азиз Суракматов жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Бишкек мэри Азиз Суракматов жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек мэри Азиз Суракматов жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
© пресс-служба мэрии города БишкекБилдирмеге караганда, сыйлоо аземи бүгүн, 16-январда, болду.
Билдирмеге караганда, сыйлоо аземи бүгүн, 16-январда, болду. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Билдирмеге караганда, сыйлоо аземи бүгүн, 16-январда, болду.
© пресс-служба мэрии города БишкекМэр жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлык тапшырган.
Мэр жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлык тапшырган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мэр жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлык тапшырган.
1/3
Бишкек мэри Азиз Суракматов жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
2/3
Билдирмеге караганда, сыйлоо аземи бүгүн, 16-январда, болду.
3/3
Мэр жеңүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлык тапшырган.

Сынак 2018-жылдын 1-декабрында башталган. Ага жалпы жонунан 70 арыз түшүп, комиссия катышуучуларга жети номинация боюнча баа берген.

Эң мыкты кооздолгон аймак номинациясы:

1-орун — Октябрь райондук администрациясына 70 миң сом тапшырылды;

2-орун — Ленин райондук администрациясына 50 миң сом;

3-орун — Биринчи Май райондук администрациясына 30 миң сом.

Эң мыкты кооздолду деп таанылган Көк-Жар, Ак-Босого, Арча-Бешик жана Эне-Сай конуштарына 20 миң сомдон берилди.

Короосу мыкты кооздолгон Асанбай кичирайонундагы №40/1, Исанов көчөсүндөгү №8 үй, Жал-23 кичирайонундагы №14 үй жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү №3 үйгө 20 миң сомдук сертификат ыйгарылды.

Жаңы жылга карата борбор калаада 20 балаты орнотулду - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы жылга карата 20 балаты орнотулду. Сүрөт
Ошондой эле 1-орунду алган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына 50 миң сом, экинчини ээлеген №52 мектепке чейинки билим берүү уюмуна 40 миң сом ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду "Бишкекжылуулук" ишканасы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы бөлүшүп алды (20 миң сом тапшырылды).

Ири соода борборлорунун арасынан биринчи орунду Asia Mall ээлеп, 100 миң сом тапшырылды. 2-орунду ЦУМ (70 миң сом), 3-орунду "Дордой плаза" (50 миң сом) ээледи.

Соода жана кызмат көрсөтүү объектилери арасынан 1-орун — "Променад" (70 миң сом), 2-орун — "Ала-Тоо" рестораны (50 миң сом), 3-орун Орозбеков көчөсүндөгү рестораторлорго берилди (30 миң сом).

Жеке жана коллективдик видеокуттуктоо номинациясында №38 мектеп-гимназиясы менен Карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык стационардык мекеме ээлеп, аларга 10 сомдук сертификат тапшырылды.

Видеоролик менен селфи жасагандарга 5 миң сомдон тапшырылды:

1. № 46 мектеп

2. № 87 мектеп

3. "Помогать легко" уюму

4. А.Көчкөнбаев

5. Асел Жумагулова

6. № 26 гимназия

7. № 47 мектепке чейинки билим берүү мекемеси

8. № 13 мектепке чейинки билим берүү мекемеси

9. № 162 мектепке чейинки билим берүү мекемеси

10. Минагул Нурбекова

11. Чүй ПВЭС

12. Биринчи Май райондук администрация

13. Ленин райондук администрация

14. №14 орто билим берүү мектеби

15. №3 орто билим берүү мектеби

16. №24 мектеп-гимназия

17. №28 мектеп-гимназия

18. №63 мектеп-гимназия

19. №83 мектеп-гимназия

20. №93 мектеп-гимназия

21. №48 мектеп-гимназия

22. №64 мектепке чейинки билим берүү мекемеси

23. №44 мектепке чейинки билим берүү мекемеси

24. Саадат Базарбаева

25. Каныкей Жунусова

26. Мирбек Молдакунов.

Жаңылыктар түрмөгү
0