Ошто каза тапкан эки жашар баланын окуясы. Шектелген аял үн катты

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы ымыркай. Архив
Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын айткандарынан кийин Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери ооруканадагы каттоо журналын текшерген.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Каза болуп калган эки жашар баланы мыкаачылык менен сабады деп шектелген аял окуя боюнча өзүнүн чындыгын айтты. Бул туурасында Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин, Ошто эки жашар баланын каза болуп калганы туурасында милиция кабарлаган.

Ооруканадагы наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасы үч жашар уулун дубалга жабыштыра чапты. Дарыгердин күйгөнү эмне?
Билдирмеге караганда, 10-январь күнү саат 15.00дөр чамасында Ош облустук балдар ооруканасына эки жашар наристени туугандары алып келип (атасынын агасы), тарамышы тырышып калганын айтышкан. Дарыгерлер наристени кароо учурунда ал ооруканага келгенге чейин эле чарчап калганын аныктаган. Мындан улам ак халатчандар милицияга кабарлашкан.

Кийин шектелип жаткан аял көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип койгону үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөндүгүн билдирген. Анын айткандарын күйѳѳсү да тастыктаган.

Акыйкатчынын Ош облусу менен Ош шаарындагы өкүлү убактылуу кармоо жайында жаткан аялга барып жолуккан.

"Аялдын айтканына караганда, бала өзү жыгылып кетип, андан соң ооруканага жеткиришкен. Анда дарыгерлер баланы карап, үйүнө кое берген. 10-январда бөбөктүн абалы начарлап, калтырак басып, кусканда кайрадан ооруканага алып барышкан", — деп айтылат маалыматта.

Аялдын айткандарынан кийин Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери ооруканадагы каттоо журналын текшерген. Анда баланы алып келгени тууралуу маалымат жок болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0