Боорсок, калпак, жумуртка. Интернеттеги кызыган "лайк соодалары"

Жазылуу
Жакында эле жөнөкөй жумуртканын сүрөтү Instagram тармагында лайктар боюнча рекорд койду. Кыргызстандык юзерлер да улуттук буюмдар жана тамак-аштын эсебинен лайк чогултууну чечти.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы интернет колдонуучулар Instagram тармагына жумуртка сындуу сүрөт коюп, аны туурап көрүүнү чечти.

Сүрөт @world_record_egg аккантуна жарыяланып, ээси мурдагы лайктарды басып өтүүнү чечкен. Биринчи рекорд модель Кайли Женнерге таандык эле, жаңы төрөлгөн ымыркайдын сүрөтү 18 миллион лайк алган. Ал эми жумуртканы "жактыргандар" 41 миллионго жеткен. Кыргызстанда да аны туурагандар чыкты. 15-январда Instagram тармагында рекорд коебуз деп камынган бир нече аккаунттар ачылды.

record_kyrgyz_boorsok аккаунтунун авторлору кыргыздар боорсокту жакшы көрөт, андыктан 500 миң лайк алышы керек деген максат койду. Учурда жактыргандардын саны 85 миңге чамалады.

world_record_ak_kalpak ээлери боорсоктон да ашууну чечти (учурда 60 миңге чукул лайк). Айтмакчы, мындай аталыштагы баракчалар экөө, аларда жазылган тексттер да бирдей. Биринде лайк 1,5 миңге, ал эми экинчисинде 12 миңге жеткен.

Булардан башка курут менен бешбармакка лайк койгула деген аккаунттар да чыкты.

Социалдык тармактын колдонуучулары рекорддор "оорусуна" ар кыл пикирлерин айтууда.

Алардын ичинен Zara Kalieva аттуу колдонуучу оюн кескин билдириптир.

"Максат — болгону жазылгандардын санын арттыруу. Бир аздан кийин "Өзгөндүн обоилери" деп атап алышат да, акча таба беришет", — деген пикирин билдирген.

Акыркы учурларда улуттук тамак-аштын интернет айдыңында жар салынышы арбый баштады.

Буга чейин улуттук тамактын башында турган бешбармакты арбын көлөмдө жасоо боюнча аракет жасалып, ал Гиннестин рекорддор китебинде катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0