Жүрөк оорусунан оолак болуунун эң оңой жолу айтылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүДене көнүгүүлөрүн жасап жаткан аялдар. Архив
Дене көнүгүүлөрүн жасап жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүрөгү токтоп каза болгондордун арасында көп машыккандар эки эсе аз кездешкен. Бул аялдарга да, эркектерге да, жашына да, карысына да бирдей тиешелүү көрсөткүч экени айтылды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дене көнүгүүлөрү менен туура салмакта жүрүү жүрөк оорусуна кабылуу тобокелчилигин эки эсеге азайтат. Кардиологдордун бул тууралуу макаласы European Heart Journal басылмасына жарыяланды.

Окумуштуулар иликтөө адамдарды спорт менен машыгууга, көтөрүмдүү болууга үндөйт деген пикирде.

"Бир нече айга созулган үзгүлтүксүз дене көнүгүүлөрү жүрөктүн токтоп калуусунан сактайт", — деди Норвегиядагы илимий-технологиялык университеттин адиси Йон Летнес.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча жүрөк жана кан тамыр оорулары, ошондой эле инфаркт, инсульт илдеттеринен жыл сайын 17 миллион адам каза табат. Буга кыймылдын аздыгы, улгайган куракта организмде холестерин жана башка зыяндуу заттардын топтолушу себеп экени айтылып келет.

Путешествие из Москвы в Сочи на поезде - Sputnik Кыргызстан
Картайбайм десеңиз... Карылыкты кечеңдеткен азык аталды
Дарыгерлер Норвегиянын бир аймагында жашаган 100 миңдей тургунуна 10 жыл бою байкоо жүргүзүп, эксперимент жасашкан. Дени-карды соо 12 миң кишини тандап алып, күн сайын өзгөчө программадагы көнүгүү жасаткан. Бул тапшырманы тандалган топтун жарымы гана аткара алган. Бул кардиологдорго активдүүлүк менен чыдамкайлыктын деңгээли коронардык артериялардын ичкерип кетишине, жүрөк оорусуна таасири кандай экенин аныктоого мүмкүнчүлүк берген.

Натыйжада жүрөгү токтоп каза болгондордун арасында көп машыккандар эки эсе аз кездешкен. Бул аялдарга да, эркектерге да, жашына да, карысына да бирдей тиешелүү көрсөткүч экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0