Бишкекте 11 көчө жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Михаил ДудинТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер трансформаторлордун ишин карамакчы.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 16-январь күнү Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык өчүрүлө турган аймактар:

— 9.30дан 12.00гө чейин №4 кичирайон (№30-35 үйлөр);

— 9.30дан 17.00гө чейин Орто-Сай айылындагы Келдибек Карбоз уулу көчөсүндө;

— 9.30дан 18.00гө чейин Абай, Табалдиев, Медеров, Сагынбай манасчы, Москва, Тимирязев жана Жаш Гвардия бульвары менен Жал кичирайонунун айрым аймагы;

— 13.00дөн 15.00гө чейин №8 кичирайон (№40, 42 үйлөр);

— 13.00дөн 17.00гө чейин Орто-Сай айылынын Иманалиев, Рысмедиев жана Асанбаев көчөлөрү.

Адистер трансформаторлордун ишин карап, электр зымдарын оңдомокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0