Армия чоң!.. Министр Жунушалиев түкүрүнгөн милиционерлер боюнча оюн айтты

Жазылуу
2019-жылдын 1-январынан баштап Эреже бузуулар кодекси күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жерлерге түкүрүнгөн жарандар 5,5 миң сом айып пул төлөйт.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлери түкүрүнүп жаткан видеолор боюнча оюн айтты.

Жылдын башынан бери Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына укук коргоо кызматкерлеринин көчөдө чылым чегип, жерге түкүрүп жаткандыгы тууралуу эки видео түшкөн.

"Эреже бузган бардык кызматкерлер айыпка жыгылат. Алардын ким экени аныкталган. Азыр жергиликтүү башкаруу органдарынын чечимин күтүп жатышат. Биз дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок армия чоң, арасында жакшылар дагы, жамандар дагы бар", — деди министр.

2019-жылдын 1-январынан баштап Эреже бузуулар кодекси күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жерлерге түкүрүнгөн жарандар 5,5 миң сом айып пул төлөөрү айтылган. Бирок андан бир нече күн өткөндөн кийин өкмөт коомдук жайда түкүрүү үчүн айып пул каралган беренени башкага өзгөртүүнү пландап жаткандыгы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0