Чүйдө ата-энеси чет жакка кеткен балдарды аныктоо иштери жүрдү

© AFP / FREDERIC J. BROWNЖизнь в Пекине
Жизнь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракеттер балдарды зордук-зомбулуктан коргоо максатында уюштурулган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жана Кара-Балта шаарында ата-энеси чет жакка иштөө үчүн кеткен үй-бүлөдөгү балдарды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Чүй ОИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, иш-чара 14-январда өткөн.

Больница Марии Ланнелонге в Париже - Sputnik Кыргызстан
Атасынын жеңеси таяктап... Ошто эки жашар наристе чарчап калды
Мындай аракеттер балдарды зордук-зомбулуктан коргоо максатында уюштурулган. Ошондой эле начар шартта жашап жаткан балдар аныкталган.

Жалпысынан 560 турак жай текшерилип, 5 үй-бүлөдө жашап жаткан 8 баланын ата-энеси Кыргызстандан тышкары жүргөнү аныкталган.

Андан сырткары, Петровка айылында начар шартта жашаган 6 жашар бала белгилүү болгон. Ал 33 жаштагы апасы менен чогуу жашай турганы, бирок энеси такай арак ичип баласын бир нече күнгө чейин кароосуз калтырып жүргөнү аныкталган.

Ушундай эле иш-чаралар Чүй облусунун башка райондорунда жүргүзүлөт.

Эгер сиз баланын кордолгонун көрүп-билип калсаңыз, облустагы штабдарга чалсаңыз болот

Жаңылыктар түрмөгү
0