БШК азиздер үчүн Брайл тамгасы менен басылган Баш мыйзамды таратат

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүПередача бюллетеней в территориальные избирательные комиссии в Ставропольском крае
Передача бюллетеней в территориальные избирательные комиссии в Ставропольском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун негизги максаты — ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү жаштарды, шайлоочуларды укуктук жактан агартуу.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) көрүү жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Баш мыйзамдын Брайл тамгасы менен басылган нускаларын таратат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Директор предприятия Нуска Анаркан Садыкулова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Садыкулова: мамлекет кийинки муун эмнени окуп жатканын көзөмөлдөөгө тийиш
Долбоордун негизги максаты — ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү жаштарды, шайлоочуларды укуктук жактан агартуу. Брайл тамгасы менен кыргыз жана орус тилинде басылган нускалары бардык региондордогу жогорку окуу жайларга таратылмакчы.

БШКнын демилгеси менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу алдында Брайл тамгасы менен басылган Баш мыйзамдын 20 нускасы чыкты.

Мындан ары ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укук маданиятын, сабаттуулугун жакшыртуу боюнча башка колдонмолор, маалыматтык материалдар чыгарылып турары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0