Милиционердин өлүмүнө шектелген айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкеринин сөөгү 10-январда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда табылган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Нарын ОИИБдин кызматкери Күнболот Касмалиевди өлтүрө сүзүп кетти делген айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

10-январда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда милиция кызматкеринин сөөгү табылган. Текшерүү учурунда ал милициянын подполковниги Күнболот Касмалиев экени билинип, автоунаа коюп кетип каза болгону айтылган.

Кийинчерээк шектүү делген айдоочу кармалган.

"11-январда кармалган жарандын 39 жаштагы К.А. аттуу киши экени жана Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны айдай турганы аныкталган. Ысык-Ата райондук соту аны камакка алуу өкүмүн чыгарып, бир айга убактылуу кармоо жайына киргизилди", — дешти ИИМден.

Жол кырсыгы болгон учурда автоунаанын ичинде эки киши болгон. Учурда алар көрсөтмө берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0