Журналист, этият бол! Министрге картошка берген видеого соцтармактын реакциясы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял главу Минсельхоза Нурбека Мурашева
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял главу Минсельхоза Нурбека Мурашева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге чириген картошка белек кылган. Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкууланып, жүздөгөн адамдар бөлүшүп, комментарий жазды.

Журналисттин мындай кадамга барышына Айыл чарба министрлигинин дыйкандарды күйгүзгөн туура эмес божомолу себеп болгон. 

Окуя тууралуу кыскача маалымат: 

— 2018-жылы жазда ведомство фермерлерге картошка эгүүнү сунуштап, бышканда Өзбекстанга экспорттоло турганын айткан. 

— Күздө картошканын баасы кескин төмөндөп, пайда көрмөк түгүл жылдык чыгымды да жаппай калган. 

— Октябрда айыл чарба министри Нурбек Мурашев дыйкандарды шашпай турууга чакырып, баа бир жумадан кийин жогорулайт деп убада берген. 

— Декабрь айында тынчсызданууга негиз жок деп картошканын баасы суук түшкөндө көтөрүлөрүн айткан. 

— Азыр январь айы ортолоду. Баа эч кандай көтөрүлбөй, дыйкандар 1 килограмм картошкасын 5 сомдон сатууга аргасыз. Болбосо, сактаган кампасында чирип жок болот. 

Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы дыйкандардын арыз-муңун жеткирип, баа боюнча так кесе жооп алуу үчүн барган. Ал көйгөй чечпеген министрге таза, чоң картошканы көрсөтүп 5 сомдон ашпай жатканын айткан. Эгер экспорт маселеси чечилбесе, сактаган картошка кандай болуп чирип кетерин да көрсөткөн. 

Картофель в форме сердца - Sputnik Кыргызстан
Чириген картошка айылымдан келген. Министрге жооп
Ал видеону көргөн эл Айыл чарба министрлигин жана анын башчысын катуу сындады. Көбү министрдин берген жообуна ынанган жок. Ага улай эле бул министрликти такыр эле жоюп салуу керектигин жазып жатышты. 

Улан Макиев аттуу колдонуучу Кыргызстанга мындай министрликтин кереги жок деп эсептейт. 

"Эл өз арбайын өзү артып келе жатат, дыйкандарга айыл чарба техникасын камсыздап берип жаткан жок, суу чыкпаган жерге чыгарып берген жок, кийинки жылга божомол берип жаткан жок, коңшу өлкөлөр менен мамиле түзүп Кыргызстандын продукциясын экспорттогон жок. Мындай министрликти таптакыр жоюш керек, буларга акча бөлүнүп Кыргызстанды банкрот кылып жатпайбы?" — деп суроо салган.

 

Видеону бөлүшкөн Гүлжан Байбетова министрликти жоюп агенттикке айландыруу керек деген пикирин жазган. Анын айтымында, жеке фермелерге аз пайыздык насыяларды берип, ЕАЭБдин ички рыногуна чыга турган айыл чарба продукцияларын өстүрүүгө көмөктөшүү зарыл. 

Ал эми Жылдыз Керимбаев министр Нурбек Мурашевди сындап "расмий маалымат бергенден тышкары сылык сүйлөгөндү үйрөнсүн" деп баш чайкаган. Ошондой эле журналистке ыраазычылык айтып, анын минтип барарын билгенде таластыктардын көйгөйү деп бир кап төө буурчак бермектигин айткан. 

Гүлназ Кудусова аттуу колдонуучу чынында эле дыйкандардын эмгеги акталбай калганына кейиген. "Аймактарды өнүктүрүү жылында маңдай терин төгүп, ысык-суукта эмгек кылган дыйкандарга кичине болсо да өкмөт колдоо көрсөтсө болмок. Унутулуп баратты эле, жакшы козгодуңар маселени" деп жазган ал. 

Видеону көргөн төкмө акын Баян Акматов аткаминерлерге арнап ыр жазган. 

"Эртелеп Союз алчы эле,
Эт, сүт, картошка кой-моюн…
Кадырың качан кымбаттайт,
Картошка мурун чоңдорум!" — деген саптарды кезиктирүүгө болот. 

© © FacebookПост Баяна Акматова в Facebook
Пост Баяна Акматова в Facebook - Sputnik Кыргызстан
Пост Баяна Акматова в Facebook

Айгерим Тургунбаева аттуу колдонуучу журналист картошканы министрдин кабинетине кантип алып киргенине кызыккан. 

Малика Калбитаева журналисттин коопсуздугуна сарсанаа болуп комментарий жазган. Ал министр чоң муштум экенин айтып, мындан ары этият болуп жүрүүгө чакырган. 

Ушундай пикирин Халида Рузиева да билдирип "Журналист, азаматсың! Катуу кадам таштапсың, бирок этият болушуң керек, алардан бардык нерсени күтсө болот" деп жазган. 

Ал эми журналист Эламан Карымшаковдун элге жана министрге берген жообун бул жактан окуй аласыздар

Жаңылыктар түрмөгү
0