Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу

Жазылуу
Алмамбетова маршруттук таксилердин айдоочулары менен болгон жолугушууда 7-8 маселе каралганын айтты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы жол кирени эртең эле кымбаттатпайт. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал ошондой эле айрым ЖМКларга "жол кире жакынкы күндөрү кымбаттайт" деген туура эмес маалыматтар чыгып кеткенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 11-январда Шаардык транспорт башкармалыгынын имаратында мэриянын өкүлдөрү ташуучулар фирмаларынын жетекчилери менен жолуккан. Маршрутка айдоочулары жол кирени 12 сомго көтөрүүнү, экинчи катардан кайрылууну жана каалаган жерден жүргүнчүлөрдү алып-түшүрүүгө уруксат берүүнү суранган болчу.

"Акыркы жолу жол кире 2012-жылы кымбаттаган. Андан бери унаа тетиктери, күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттады. 2012-жылы шаарда 2800-3000гө жакын маршруттук такси болсо, азыр 1900 маршруттук такси чыгып жатат", — деди ал.

Бишкекские маршруточники против митинга — видеообращение из сети - Sputnik Кыргызстан
Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады
Алмамбетова ошондой эле мэрия өзү билип эле жол кирени кымбаттата албай турганын, алгач ал сунуш шаардык кеңеш, Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги жана бир катар тийиштүү органдардын элегинен өтөрүн кошумчалады.

"Жол кире бүгүн же эртең эле кымбаттабайт. Бирок биз жол кирени кымбаттатууга багыт алдык. Мунун бардыгы мыйзам чегинде болот. Бул бир күндө эле чечилчү маселе эмес", — деди мэрдин кеңешчиси.

Алмамбетова маршруттук таксилердин айдоочулары менен болгон жолугушууда 7-8 маселе каралганын айтты. Анын ичинде, мисалы, маршруткалардын ичин таза кармоо, отургучтарды орнотуу маселеси да бар. Ошондой эле айдоочулар жол чырактарды коюуну, Токтогул көчөсүнө кошумча аялдамаларды орнотууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0